КР УО «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттигин түзүү жөнүндө» Декрети
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 87
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
кинематография агенттигин түзүү жөнүндө
Кинематография маселелери боюнча мамлекеттик органдын ишин уюшту-
рууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алуу менен Кыргыз
Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематог-
рафия агенттиги түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги:
- кинематографиянын функцияларын жана мамлекеттик уюмдарын Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги-
не өткөрүп берсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематог-
рафия агенттиги бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-
раштуу Мамлекеттик кинематография агенттигинин жобосунун жана башкаруу
схемасынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бе-
китүүгө киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Дек-
ретке карама каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт
бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Декрет расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы №267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кинематография агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 05.11.2010 · № 267 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1