Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 10-июну УӨ №63
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга
катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу
боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Жарандардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кы-
луу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын
7-апрелиндеги №1 Декретине жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Эгерде референдумдун катышуучусу, ал референдумдун катышуучула-
рынын тизмесине киргизилген участок жайгашкан жайга келүү
мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон жана ажыратуу күбөлүгү жок болгон учурларда,
анда ал добуш берүү күнүндө өзү турган референдум участогунда добуш
берүүгө катышууга укуктуу экени белгиленсин.
Мындай учурларда жаран тиешелүү референдум комиссиясына жүйөөлөрүн
баяндоо менен арыз берет жана референдумдун катышуучуларынын кошумча
тизмесине киргизилет, паспорту же аны алмаштыруучу документи боюнча ага
добуш берүү үчүн бюллетень берилет.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү бо-
юнча борбордук комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык кел-
тирсин.
3. Ушул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 100 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде түзүлгөн кшумча референдум…Постановление · 18.06.2010 · № 100
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-июнундагы № 105 "2010 -жылы 27-июнда Референдумда добуш берүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 21.06.2010 · № 105
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-июнундагы № 113 "2010 -жылы 27-июнда Референдумда добуш берүү Эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 23.06.2010 · № 113
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1