Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 19-июну УӨ № 74
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бакиевдердин
үй-бүлөсүнө таандык автотранспорт каражаттарды тапканына байланыштуу
жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-
деги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул
Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-беренесине
ылайык БМВ-750LI Win соdе WВАKВ 810449СY52201, Лексус-LX570 Win соdе
JТSNOOW294028398, Лексус-RХ33О 3МZ 4161824, Мерседес-Бенц G500 Win соde
WAB4632481X162400, Шевроле Субурбан Ls WIN соdе IGNFK163X9J110614, мар-
каларындагы автомашиналар, бардыгы беш автомашина мамлекеттештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы төмөнкүдөй
маркалардагы автомашиналарды балансына алсын:
- Мерседес-Бенц G500 Win соdе WAB4632481X162400;
- Шевроле Субурбан LS Win соdе IGNFK163X9J110614;
- Лексус-LX570 Win соdе JТSNYOOW294028398.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы төмөнкүдөй маркалар-
дагы автомашиналарды балансына алсын:
- БМВ-750LI Win соdе WABАКВ 810449СҮ52201;
- Лексус-RХ33О 3МZ 4161824.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз
Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Декреттин 1-пунктунда аталган
автотранспорт каражаттарды мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу маселелер-
ди чечишсин.
5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15