Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуялар учурунда паспортун же инсандыгын аныктаган документтерин жоготкон жарандардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 23-июну УӨ №80
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана
Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуялар
учурунда паспортун же инсандыгын аныктаган
документтерин жоготкон жарандардын референдумга
катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу
боюнча кошумча чаралар жөнүндө
Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуялар
учурунда паспортун же инсандыгын аныктаган документтерин жоготкон жа-
рандардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу мак-
сатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апре-
линдеги №1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убакты-
луу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн качкындардын (аргасыз жер
которгондордун) тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары
убактылуу жашаган (турган) жеринде, анын ичинде паспорту же инсандыгын
аныктаган документтери жок болгон учурда добуш берүүгө укуктуу экендиги
белгиленсин.
Качкындардын (аргасыз жер которгондордун) тизмесине киргизилген
жаран добуш берүү үчүн участкалык референдум комиссиясы жайгашкан жерге
келген күнү ал референдумдун катышуучуларынын кошумча тизмесине кирги-
зилет.
Зарылчылыкка жараша, референдумдун тийиштүү участкалык комиссиясы-
нын чечими боюнча качкындар (аргасыз жер которгондор) убактылуу жашаган
(турган) жеринде добуш бере алышат. Мындай учурларда референдумдун
участкалык комиссиялары добуш берүүчү жайлардан тышкары добуш берүү
мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Документсиз добуш берген учурларда референдумдун катышуучуларынын
кошумча тизмесине тийиштүү белги коюлат, ал референдумдун участкалык
комиссиясынын төрагасынын жана референдумдун участкалык комиссиясынын
чечүүчү добуш укугуна ээ эки мүчөсүнөн кем эмесинин колтамгасы менен
күбөлөндүрүлөт жана жаранга добуш берүү үчүн бюллетень берилет.
2. Кыргыз Республикасынын жараны паспорту же инсандыгын аныктаган
документтери жок учурда референдумдун участкалык комиссиясынын чечүүчү
добуш укугуна ээ эки мүчөсүнөн кем эмеси анын ким экендигин ырастаган-
дан кийин добуш берүүгө укуктуу экендиги белгиленсин.
Мындай учурда жаран добуш берүү үчүн участкалык референдум комис-
сиясы жайгашкан жерге келген күнү ал референдумдун катышуучуларынын ко-
шумча тизмесине киргизилет. Референдумдун катышуучуларынын кошумча тиз-
месине тийиштүү белги коюлат, ал референдумдун участкалык комиссиясынын
төрагасынын жана анын ким экендигин ырастаган референдумдун участкалык
комиссиясынын чечүүчү добуш укугуна ээ эки мүчөсүнөн кем эмесинин кол-
тамгасы менен күбөлөндүрүрлөт жана жаранга добуш берүү үчүн бюллетень
берилет.
3. Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында коомдук тартипти,
жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлигинин ички иштер органдарынын кызматкерлери жа-
на ички аскерлеринин аскер кызматчылары кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү
аркылуу турган жерлеринде добуш берүүгө укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.
5. Ушул Декрет кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1