Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 „Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоо киргизүү тууралуу» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 24-июну УӨ № 81
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 "Кыргыз Республикасынын
референдуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине толуктоо
киргизүү тууралуу
Республиканын түштүгүндө болгон кайгылуу окуяларды эске алып, до-
буш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту жана жарандардын референдумга
катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республи-
касынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылын 7-апрелиндеги № 1 Декретин же-
текчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти
кабыл алат:
1. 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын рефе-
рендуму (жалпы элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна да-
йындалган Кыргыз Республикасынын Референдумун (жалпы элдик добуш
берүүсүн) өткөрүүнүн убактылуу тартибине төмөнкү толуктоо киргизилсин:
8-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жарандар өздөрү жашаган же убактылуу жүргөн жери боюнча добуш
берүү үчүн жайдан сырткары добуш берүүгө укуктуу. Референдумдун тие-
шелүү комиссиялары жарандарга добуш берүү үчүн жайдан сырткары добуш
берүүгө мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга милдеттүү. Добуш берүү үчүн жайдан
сырткары добуш берүү жөнүндө чечим жергиликтүү мамлекеттик администра-
циянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сунушу боюнча рефе-
рендумдун тиешелүү комиссиясы тарабынан кабыл алынат.".
2. Кыргыз Республикасынын Шайлооо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясы өз чечимдерин ушул Декретке ылайык келтирсин.
3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- ВРЕМЕННЫЙ ПОРЯДОК от 21 апреля 2010 года № 20 "проведения референдума (всенародного голосования) Кыргызской Республики, назначенного на 27 июня 2010 года"Порядок · 21.04.2010 · № 20
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 26-июнундагы № 120 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы УӨ № 20…Постановление · 26.06.2010 · № 120
Шилтеме берет (4)
- ВРЕМЕННЫЙ ПОРЯДОК от 21 апреля 2010 года № 20 "проведения референдума (всенародного голосования) Кыргызской Республики, назначенного на 27 июня 2010 года"Порядок · 21.04.2010 · № 20
- КР УО 2010-жылдын 21-апрелинин № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (жалпы элдик добуш беруу) женунде" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 20
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1