Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө Жобосу
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-майындагы
№ 33 Декрети менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация
башчыларынын - губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Резервдик фонддордун эсептелиши
III. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануу
тартиби
IV. Кредиттердин тескөөчүсүнүн жоопкерчилиги жана резервдик
фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн
тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация
башчыларынын - губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө бул жобо (мын-
дан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги
принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип
чыккан.
2. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-
торлорунун резервдик фонддору (мындан ары - резервдик фонд) боюнча
сарптоолор жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде
каралат.
3. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-
торлорунун резервдик фонддорунун каражаттары белгиленген формулага ыла-
йык аныкталат.
II. Резервдик фонддордун эсептелиши
4. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-
торлорунун резервдик фонддору боюнча каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй
формулалар менен эсептелет:
1) СП=(ОРФ/ВН)х 1000
- СП - жан башына орточо көрсөткүч;
- ОРФ - облустардын губернаторлорунун резервдик фонддорунун жалпы
көлөмү;
- ВН - Кыргыз Республикасынын жалпы калкы (адам).
2) РФГО=СП х НО
- РФГО - облустун губернаторунун резервдик фонду;
- СП - жан башына орточо көрсөткүч;
- НО - облустун калкы.
III. Резервдик фонддордун акча каражаттарын
пайдалануу тартиби
5. Резервдик фонддун ушул Жободо каралган бюджеттик каражаты об-
лустун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун буйругу ме-
нен пайдаланылат.
6. Резервдик фонддун каражаттарынын тескөөчүсү жергиликтүү мамле-
кеттик администрация башчысы - облустун губернатору болот.
7. Республикалык бюджетте турган мекемелер да, жергиликтүү бюджет-
терден каржыланчу мекемелер да резервдик фонддун каражаттарын алуучулар
боло алышат.
8. Резервдик фонддордун каражаттары облуста жүргүзүлчү, Кыргыз
Республикасынын республикалык бюджетинде эске алынбаган экономикалык,
социалдык-маданий жана башка иш-чаралар үчүн болжолдонбогон чыгымдарга
пайдаланылат, ошондой эле төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат:
- майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
- Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына,
эмгек ардагерлерине жана облустагы калктын аз камсыз катмарларына бир
жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- облустун аймагындагы социалдык-маданий объекттерди курууга,
оњдоого жана материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жак-
шыртууга финансылык жардам көрсөтүүгө;
- облустун масштабында расмий даталарга арналган иш-чараларды
өткөрүүгө;
- эмгек сињирген кызматкерлерди кесиптик майрамдарга байланыштуу
сыйлоого;
- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана
кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө;
- облустагы калктын аз камсыз катмарларына финансылык жардам
көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорду өткөрүүгө;
- спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана
маданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон,
ошол облустун аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын чыгаан инсанда-
рына бир жолку финансылык жардам көрсөтүүгө.
9. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүдөй пайдаланууга тыюу
салынат:
- коммерциялык максатка же киреше алып келүүчү ишмердикке;
- өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоого жана иштерин камсыздоого;
- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмүн
көбөйтүүгө;
- облуста болуучу мааракелерди, тойлорду жана башка оюн-зоок
иш-чараларды уюштурууга.
IV. Кредиттердин тескөөчүсүнүн жоопкерчилиги жана
резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет
түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
10. Каражаттардын тескөөчүлөрү жана каражаттарды алуучулар резерв-
дик фонддун каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайда-
ланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкер-
чиликте болушат.
11. Резервдик фонддор боюнча акча каражаттардын эсеби каражаттар-
дын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун өзүнчө казыналык эсебинде
(бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан бөлөк) жүргүзүлөт.
12. Резервдик фонддордун каражаттарын алуучулар ай сайын республи-
калык бюджетте турган мекемелердин сарптоолор сметасынын аткарылганы
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын
19-августундагы № 245/п "Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жылдык,
кварталдык жана айлык бухгалтердик отчетторун түзүү боюнча нускаманы
бекитүү жөнүндө" приказы менен бекитилген, № 2 форма боюнча жалпылоочу
отчет түзүшөт жана тескөөчүлөргө беришет.
13. Каражаттардын тескөөчүсү резервдик фонддордун каражаттарынын
пайдаланылышы жөнүндө облус боюнча N 2 формада отчет түзөт жана Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигине берет.
14. № 2 форма боюнча отчет ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык резерв-
дик фонддордон алынган каражаттар боюнча өз-өзүнчө түзүлөт жана бери-
лет.
15. Резервдик фонддордун каражаттарын эсепке алуунун,
бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жол-жоболору өзгөргөн учурда Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги бул Жобого тийиштүү толуктоолорду
жана өзгөртүүлөрдү киргизет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-майынын № 33 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө" ДекретиДекрет · 07.05.2010 · № 33 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон