Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө» Декрети
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Декрет ВП КР 30 сентября 2010 года ВП № 131 "О признании утратившим силу Декрета Временного Правительства Кыргызской Республикой «О фонде Временного Правительства Кыргызской Республики» от 7 мая 2010 года № 33"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-09-30.
КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сетябрындагы УӨ № 131 Декретине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2010-жылдын 7-майы УӨ № 33
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө
Экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чаралар боюнча
күтүлбөгөн чыгымдарды оперативдүү каржылоо максатында Кыргыз Республи-
касынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. 2010-жылдын бюджетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин ре-
зервдик фонду үчүн каралган каражаттардын эсебинен 160000000 (жүз алты-
мыш миллион) сом суммасында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
фонду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фондунун каражатта-
рын чыгымдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын же
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун ба-
сарынын буйруктарына ылайык ишке ашырылсын.
3. Төмөндө тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация
башчыларынын - губернаторлорунун 2010-жылга карата облустар боюнча ре-
зервдик фонддору;
- Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация
башчыларынын - губернаторлорунун 2010-жылга карата резервдик фонддору
жөнүндө жобо.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 297
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыла-
рынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу" токтомун колдонуу токтотулуп турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-
нын 2010-жылга республикалык бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
сунуштарды белгиленген тартипте берсин.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
@ Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 7-майындагы
№ 33 Декретине
тиркеме
Кыргыз Республикасынын облустардын мамлекеттик
администрация башчылары - губернаторлорунун
резервдик фонддору
| N | Облустардын аталышы | Резервдик фонддун суммасы (мињ сом) |
| 1 | 2 | 3 |
| 1 | Ош | 9798,2 |
| 2 | Баткен | 2161,3 |
| 3 | Жалал-Абад | 7463,4 |
| 4 | Ысык-Көл | 3510,8 |
| 5 | Нарын | 1884,9 |
| 6 | Талас | 1477,8 |
| 7 | Чүй | 3703,6 |
| Бардыгы: | 30000,0 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө ЖобосуПоложение · 07.05.2010 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №297 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун…Постановление · 13.06.2008 · № 297
- КР УӨ 2010-жылдын 30-сентябряндагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 33 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө»…Декрет · 30.09.2010 · № 131
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы №297 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун…Постановление · 13.06.2008 · № 297
- КР УӨ 2010-жылдын 30-сентябряндагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 33 «Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн фонду жөнүндө»…Декрет · 30.09.2010 · № 131
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон