Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «»Пирамида» телерадиокомпаниясы» жоопкерчнлнгн чектелген коомун мамлекетгештируу женундв» Декрети
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 20-майы УӨ № 50
"Пирамида" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомун мамлекеттештирүү жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 Декретинин редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 14-майындагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. "Пирамида" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсы) мамлекеттештирилсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын мамлекеттештирилишине байланыштуу:
- "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын активдерин сактоону камсыз кылсын жана "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын бардык мүлкүн толук инвентаризациялоону жана баалоону бир айлык мөөнөттө жүргүзсүн;
- "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсынын башкаруу органдарын белгиленген тартипте дайындасын;
- "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсын кайрадан каттоону жүргүзсүн;
- телекөрсөтүүдө берүүлөрдү жүргүзгөн "Пирамида" жалпыга маалымдоо каражатынын профилин жана ишин сактасын;
- "Пирамида" телерадиокомпаниясы" ЖЧКсын мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин.
3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөЗакон · 26.05.2014 · № 78