Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Жыйырма бешипчи кадр» жабык: акционердик коомун мамлекеттештируу жонундо» Декрети
ДЕКРЕТ ВРЕМЕННОГО ПРАВИТЕЛЬСТВА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2010-жылдын 20-майы УӨ № 47
"Жыйырма бешинчи кадр" жабык акционердик коомун мамлекеттештирүү жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 Декретинин редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 7-майындагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декрети кабыл алат:
1. "Жыйырма бешинчи кадр" жабык акционердик коому (мындан ары "Жыйырма бешинчи кадр" ЖАКы) мамлекеттештирилсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
2. "Жыйырма бешинчи кадр" ЖАКын мамлекеттештирүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги:
- "Бешинчи канал" жабык акционердик коомунун (мындан ары - "Бешинчи канал" ЖАКы) активдеринин сакталышын камсыз кылсын жана бир айлык мөөнөттө "Бешинчи канал" ЖАКынын бүткүл мүлкүнө толук инвентаризация жана баалоо жүргүзсүн;
- "Бешинчи канал" ЖАКынын башкаруу органдарын белгиленген тартипте дайындасын;
- "Бешинчи канал" ЖАКын кайрадан каттоону жүргүзсүн:
- уюштуруучусу "Бешинчи канал" ЖАКы болуп эсептелген, телекөрсөтүүдө берүүлөрдү жүргүзүүчү "Бешинчи канал" жалпыга маалымдоо каражатынын профилин жана ишин сактасын;
- "Жыйырма бешинчи кадр" ЖАКын мамлекеттештирүүдөн келип чыккан башка маселелерди чечсин.
3. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 102 декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1