Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетин түзүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 20-майы УӨ № 41
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча
мамлекеттик комитетин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын суу чарба комплексин жана суу ресурстарын
башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу
Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ал-
дындагы Суу ресурстары агенттигинин жана "Ирригация" мамлекеттик ишка-
насынын базасында Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация бо-
юнча мамлекеттик комитети түзүлүп, ага мамлекеттик маанидеги бардык суу
сактагычтардагы суунун көлөмүнүн толтурулушуна жана иштетилишине мони-
торингди жана мамлекеттик контролду камсыздоо жагындагы функциялар
өткөрүп берилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамле-
кеттик комитети (мындан ары - Комитет):
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн түзүмүнө кирээри, Коми-
теттин төрагасы - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн курамына
кирээри;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдында-
гы Суу ресурстары агенттигинин жана "Ирригация" мамлекеттик ишканасынын
укуктук мураскери болуп эсептелээри;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Декрет-
ке каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулаары;
- Комитет мурда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин
Суу чарба департаменти ээлеген, Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү, 4
"А" дарегиндеги имаратка жайгашаары.
3. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамле-
кеттик комитети төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бе-
китүүгө киргизсин:
- бир айлык мөөнөттө - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар
министрлигинин алдындагы Суу ресурстары агенттигинин жана "Ирригация"
мамлекеттик ишканасынын бекитилген сметасынын жана штаттык санынын че-
гинде Комитеттин жобосунун, түзүмүнүн, башкаруу схемасынын жана штаттык
санынын долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук суу стратегиясынын долбоорун.
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги өзүнүн
нормативдик укуктук актыларын ушул Декретке ылайык келтирсин.
5. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
6. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 "Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө" токтомуПостановление · 03.09.2010 · № 186 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1