327-берене. Мүлк объектинин салык салынуучу наркын аныктоо
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
тартиби
1. Ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1-, 2-
жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүзөгө ашырылат:
СН = С х А х Кр х Кз х Ко, мында:
СН - мүлк объектисинин салык салынуучу наркы, сом. С - мүлк объектисинин аянтынын бир квадрат метринин салык салыну- учу наркы, сом/кв.м; А - 1-топтогу мүлк объекттеринин ушул Кодекстин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынууга жатпаган аянты- на азайтылган 1-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты же 2- же 3-топтогу мүлк объектисинин жалпы аянты, кв.м; Кр - объекттин салык салынуучу наркынын Кыргыз Республикасынын ай- магындагы турган жерине жараша өзгөрүшүн эске алган региондук коэффициент; Кз - объекттин салык салынуучу наркынын калктуу конуштагы турган ордуна жараша өзгөрүшүн эске алуучу зоналык коэффициент; Ко - 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн колдонулуучу тар- мактык коэффициент. Башка топтордогу мүлк объекттери үчүн Ко 1ге барабар деп кабыл алынат.
2. 1-, 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттеринин бир квадрат метр
аянтынын салык салынуучу наркы дубалынын материалына жана мүлк объектин эксплуатацияга берген жылга жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
| Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Баалоо наркы |
| 1 кв.м, сом | ||
| Кирпич | 5 жылга чейин | 15000 |
| 5-15 жыл | 14000 | |
| 15-30 жыл | 13000 | |
| 30-45 жыл | 12000 | |
| 45 жылдан ашуун | 10000 | |
| Жыгач | 5 жылга чейин | 13000 |
| 5-15 жыл | 12000 | |
| 15-30 жыл | 11000 | |
| 30-45 жыл | 10000 | |
| 45 жылдан ашуун | 8000 | |
| Курама жана монолиттүү бетон | 5 жылга чейин | 14000 |
| жана темир бетон, бетон | 5-15 жыл | 13000 |
| блоктор, кум блоктор, | 15-30 жыл | 12000 |
| пеноблоктор, айнек | 30-45 жыл | 11000 |
| 45 жылдан ашуун | 10000 | |
| Чийки топо (саман, гувелек, | 5 жылга чейин | 10000 |
| сокмо) | 5-15 жыл | 9000 |
| 15-30 жыл | 8000 | |
| 30-45 жыл | 6000 | |
| 45 жылдан ашуун | 5000 | |
| Шлакоблок, полистиролдук | 5 жылга чейин | 9000 |
| курулуш блогу | 5-15 жыл | 8000 |
| 15-30 жыл | 7000 | |
| 30-45 жыл | 6000 | |
| 45 жылдан ашуун | 5000 | |
| Металл | 30 жылга чейин | 10000 |
| 30 жылдан ашуун | 8000 | |
| Башка материалдар жана | 4000 | |
| убактылуу жайлар үчүн | ||
| материалдар |
3. Мүлк объектисинин салык салынуучу наркын эсептөөдө мүлк объек-
тисинин дубалдарында басымдуулук кылган дубал материалдары негиз катары кабыл алынат. Басымдуу материалдарды аныктоо тартиби Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. 1-топтогу мүлк объектиси үчүн жалпы аянт кыймылсыз мүлккө укук-
тарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн, ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын негизинде аныкталат. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда ички ченөө боюнча мүлк объектисинин жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жалпы аянт сырткы ченөө боюнча аныкталат.
5. 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн мүлк объектисинин
жалпы аянты ишкердик ишти: товарлар чыгарууну, кызмат көрсөтүүнү, жу- муштарды аткарууну, товардык-материалдык байлыктарды сактоону жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү, салык төлөөчүнүн кыймыл- сыз мүлкүнүн бирдигинин техникалык паспортунда көрсөтүлгөн администра- циялык, өндүрүштүк жана кампа жайларынын жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалыматтардын базасында аныкталат.
6. Мүлккө укукту каттоо жок болгон жана/же мүлк объектиси боюнча
салык төлөөчү аныктаган салык базасы жана/же функциялык арналышы жана салык органдары башка булактардан алган документтик маалыматтарда айыр- мачылык чыккан учурда мүлк объектисинин дубалдарынын материалы жана аянты салык салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү салык органынын, кыймылсыз мүлк объектте- рине укукту каттоо боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укук берилген өкүлдөрүнүн жана мүлк объ- ектисин иш жүзүндө пайдаланган пайдалануучулар курамына кирген комиссия тарабынан жүргүзүлгөн 1-, 2- же 3-топтогу мүлктүн объектисинин тышкы периметри боюнча физикалык ченөөгө жараша аныкталат. Ченөөнүн жыйынтыгы үч нускадагы акты менен таризделип, алар салык органына мүлк объектиси боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн, тиешелүүлүгүнө жараша кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча аймактык органга, ошондой эле мүлк объектисин пайдалануучуга берилет.
7. Кр региондук коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
| Облустардын жана | Кр мааниси | Облустардын жана | Кр мааниси |
| райондордун аталышы | райондордун аталышы | ||
| Баткен облусту | Бакай-Ата району | 0,2 | |
| Баткен району | 0,2 | Кара-Буура району | 0,2 |
| Лейлек району | 0,2 | Нарын облусту | |
| Кадамжай району | 0,2 | Нарын ш. | 0,3 |
| Кызыл-Кыя ш. | 0,1 | Ак-Талаа району | 0,1 |
| Сүлүктү ш. | 0,1 | Ат-Башы району | 0,1 |
| Жалал-Абад облусту | Жумгал району | 0,1 | |
| Аксы району | 0,2 | Кочкор району | 0,2 |
| Ала-Бука району | 0,2 | Нарын району | 0,2 |
| Базар-Коргон району | 0,2 | Ош облусту | |
| Ноокен району | 0,2 | Алай району | 0,2 |
| Сузак району | 0,3 | Араван району | 0,3 |
| Тогуз-Торо району | 0,1 | Кара-Кулжа району | 0,2 |
| Токтогул району | 0,1 | Кара-Суу району | 0,6 |
| Чаткал району | 0,1 | Ноокат району | 0,3 |
| Жалал-Абад ш. | 0,8 | Өзгөн району | 0,3 |
| Майлуу-Суу ш. | 0,1 | Чоњ-Алай району | 0,1 |
| Кара-Көл ш. | 0,1 | Ош ш. | 0,9 |
| Таш-Көмүр ш. | 0,1 | Чүй облусту | |
| Ысык-Көл облусту | Аламүдүн району | 0,8 | |
| Ак-Суу району | 0,3 | Жайыл району | 0,4 |
| Жети-Өгүз району | 0,3 | Ысык-Ата району | 0,4 |
| Ысык-Көл району | 0,3 | Кемин району | 0,3 |
| Тоњ району | 0,2 | Москва району | 0,4 |
| Түп району | 0,2 | Панфилов району | 0,2 |
| Каракол ш. | 0,6 | Сокулук району | 0,7 |
| Балыкчы ш. | 0,3 | Чүй району | 0,4 |
| Талас облусту | Токмок ш. | 0,6 | |
| Манас району | 0,1 | Кара-Балта ш. | 0,6 |
| Талас району | 0,2 | ||
| Талас ш. | 0,4 | Бишкек ш. | 1,0 |
8. Зоналык Кз коэффициентинин мааниси Бишкек, Ош жана Жалал-Абад
шаарларынан башкаларда 1ге барабар болот. Зоналык Кз коэффициентинин маанилерин жана Бишкек жана Ош шаарла- рындагы нарктык зоналардын чектерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыр- гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин профилдик комитетине макулдашуу боюнча 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө, салыктык мезгилдин ичинде бир жо- лудан кем эмес, үстүдөгү жылдын 1-октябрынан кеч эмес мөөнөттө белги- лейт.
9. Ко тармактык (функциялык) коэффициенти төмөнкүдөй өлчөмдөрдө
белгиленет:
| Тармактык таандыгы (объекттин функциялык арналышы) | Мааниси |
| Мейманканалар, оюн-зоок жайлар, ломбарддар, алмаштыруу | 1,6 |
| пункттары | |
| Май куюучу станциялар | 1,4 |
| Чакан-базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, | 1,0 |
| комплекстер | |
| Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү | 0,8 |
| ишканалар | |
| Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, | 0,7 |
| темир жол транспортунун жүк станциялары | |
| Администрациялык, офистик имараттар, бизнес-борборлор, | 0,6 |
| банктар | |
| Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика | 0,5 |
| ишканалары | |
| Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар | 0,3 |
| Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар | 0,3 |
| Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү | 0,2 |
| Өнөр жай, курулуш ишканалары | 0,2 |
10. Мүлк объектинин тармактык таандыктыгы (функциялык арналышы)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталат.
11. Эгер Кр, Кз, Ко коэффициенттери белгиленбесе, алардын мааниле-
ри 1ге барабар болот.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
327-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202735/st-327" title="327-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>