324-берене. Салык салуу объектиси
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
324-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 324-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр мүлк салыгы салынуучу объект бо-
луп саналат:
1) мамлекеттик менчикте мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү
укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - опера- тивдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
2) муниципалдык менчикте муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү
укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;
3) жеке менчикте.
2. Салык салынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:
1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, турук-
туу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;
2) 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс
алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;
3) 3-топ: ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган
киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жа- салган убактылуу жайлар;
4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар
жана механизмдер.
3. Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тиз-
меги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
324-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202735/st-324" title="324-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>