2-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кење- шинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 923-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана то- луктоо киргизилсин: 3-беренеде: 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, 2010-жылдын 1-январы- нан тартып 1-, 2- жана 3-топтогу мүлк объекттери боюнча мүлк салыгы киргизилсин."; 3-бөлүктөгү "2011" деген цифралар "2012" деген цифраларга алмашты- рылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-7-бөлүктөр менен толукталсын: "4. Эгерде турак үй, квартира, дача үйү турак жай катары убактылуу пайдаланууга (ижарага) берилсе, анда бул объект 2012-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгилен- ген салык салынуучу мүлк обьектисинин 1-тобуна киргизилет.
5. 2010-жылдын 1-январынан 2012-жылдын 1-январына чейинки мезгилге
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген 1-топтогу мүлк объектилери боюнча мүлк салыгын эсептөөнүн төмөнкү тар- тиби белгиленсин:
1) ушул берененин максаты үчүн мүлк салыгынын өлчөмү төмөнкү фор-
мула боюнча эсептелет:
СӨ = СБӨ х Кр х Кз, мында:
СӨ - салыктын өлчөмү; СБӨ - ушул бөлүктүн 2- жана 3-пункттарына ылайык эсептелген 1-топтогу мүлк обьектиси боюнча салыктын базалык өлчөмү; Кр жана Кз - Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-берене- синде белгиленген коэффициенттер.
2) Бишкек жана Ош шаарлары үчүн салыктын базалык өлчөмү:
| Квартиранын жалпы аянты | Туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн | ||||||
| арналган турак үйдүн, дача үйүнүн | |||||||
| жалпы аянты | |||||||
| 80 | 150дөн | 200 | 150дөн | 250дөн | 350 | 450 | |
| 150 | 200 | кв/м | 250 | 350 | 450 | кв.м | |
| кв.м | кв.м | жогору | кв.м | кв.м | кв.м | жогору | |
| чейин | чейин | чейин | чейин | чейин | |||
| Салыктын | 4000 | 6000 | 8000 | 6000 | 10000 | 14000 | 20000 |
| базалык | сом | сом | сом | сом | сом | сом | сом |
| өлчөмү |
3) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, райондор жана калктуу
пункттар үчүн салыктын базалык өлчөмү:
| Квартиранын жалпы аянты | Туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн | ||||
| арналган турак үйдүн, дача үйүнүн | |||||
| жалпы аянты | |||||
| 150дөн 250 | 250 кв.м | 250дөн 350 | 350дөн 450 | 450 кв.м | |
| кв.м чейин | жогору | кв.м чейин | кв.м чейин | жогору | |
| Салыктын | 4000 сом | 6000 сом | 8000 сом | 12000 сом | 16000 сом |
| базалык | |||||
| өлчөмү |
6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлү-
гүнүн 1-пунктунда жана 6-бөлүгүндө белгиленген жењилдиктерди кошпогон- до, 1-топтогу мүлк обьекттери үчүн мүлк салыгы боюнча салык жењилдикте- ри ушул беренеге ылайык мүлккө салыкты эсептөөдө колдонулбайт.
7. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлү-
гүндөгү 2010-жылга жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-бе- ренесинин 4-бөлүгүндөгү 2009-2010-жылдарга көрсөтүлгөн зоналык коэффи- циенттин мааниси ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып бир айдын ичинде колдонулат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202735/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>