2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 11.04.2014 редакциясы
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
кирешени жана мүлктү декларациялоо (мындан ары - декларациялоо) -
декларация объекттерине укуктарды ыктыярдуу түрдө декларациялоо менен
байланышкан иш-аракеттер;
билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыз-
дандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү аткаруу -
салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча че-
герүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй
2012-жылдын 31-декабрын кошо алганда алынган кирешелерге жана мүлккө
карата салык жана бажы милдеттенмелерин, социалдык камсыздандыруу боюн-
ча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттен-
мелердин тындырылгандыгын таануу. Декларациялоо чегинен ашкан кирешелер
жана мүлктөр боюнча милдеттенмелер декларациялык төлөмдү төлөө менен
тындырылат;
декларациялоо субъекттери - "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин
колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-бере-
несинде аныкталган, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте кирешелерин жана
мүлкүн декларациялашкан жана милдеттенмелерин тындырышкан Кыргыз Рес-
публикасынын жеке жактары жана мамлекеттик кызматчылары (мындан ары -
Кыргыз Республикасынын жарандары). Бул адамдар ыйгарым укуктуу кызмат
адамынан кирешелерди жана мүлктү декларациялоо жөнүндө күбөлөндүрүлгөн
декларацияны алган күндөн баштап декларациялоо субъекттеринин статусуна
ээ болушат;
декларациялоо объекттери - мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рында аныкталган тартипте жол-жоболоштурулбаган (декларацияланбаган),
жана/же башка адамга жол-жоболоштурулган, жашыруу максатында легалдуу
экономикалык жүгүртүүдөн чыгарылган, Кыргыз Республикасынын аймагында
жана анын чектеринен тышкары алынган жана/же жайгашкан кирешелер, кый-
мылдуу жана кыймылсыз мүлк;
кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк - Кыргыз Республикасынын Граждандык
кодексине ылайык аныкталуучу мүлк;
ыйгарым укуктуу кызмат адамы - кирешелер жана мүлктөр жөнүндө дек-
ларацияларды ушул Мыйзамда каралган тартипте ырастоочу Кыргыз Республи-
касынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик нотариустары;
декларациялоо мөөнөтү - ушул Мыйзамда каралган мөөнөт, ушул убакта
Кыргыз Республикасынын жарандары ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла
алышат;
кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация - жеке катар номери бар жа-
на кирешелерди жана мүлктү декларациялоо фактысын ырастаган жана билди-
рилбеген салык жана бажы милдеттенмелеринин, социалдык камсыздандыруу
боюнча чегерүүлөрдүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн орду толтурулган-
дыгы таанылган катуу отчеттуулук документи. Кирешелер жана мүлк жөнүндө
декларациянын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекити-
лет;
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестри - ыйгарым
укуктуу кызмат адамы түзүүчү жана жүргүзүүчү реестр, анда декларациялоо
жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: кирешелер жана мүлк жөнүндө
декларациянын жеке катар номери, декларациялоо күнү, ушул декларацияны
берген адамдын жеке маалыматтары, кирешелер жана мүлктөр жөнүндө декла-
рациянын бузулгандыгы же жоголгондугу тууралуу маалымат;
декларациялоо чеги - кирешелердин суммасынын жана мүлктөрдүн нар-
кынын 45000000 (кырк беш миллион) сомдон ашкан жыйынды суммасы;
декларациялык төлөм - декларациялоо чегинен ашкан суммадан көз ка-
рандысыз түрдө, ушул Мыйзамга ылайык декларациялоо субъекттери бир жолу
төлөөчү 450000 (төрт жүз элүү мињ) сом;
ыйгарым укуктуу коммерциялык банк - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан аныкталуучу коммерциялык банк;
жакын туугандары - декларант менен чогуу жашаган жана аларга кара-
та декларант мүлктүк милдеттенме алып жүргөн, Кыргыз Республикасынын
үй-бүлө мыйзамдарында аныкталган адамдар.
Берененин тексти 11.04.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202711/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>