2-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Ушул Техникалык регламенттин максаты үчүн "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген негизги түшүнүктөр пайдаланылат. Алар менен кошо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын колдонуунун бардык стадияларындагы коопсуздугу - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлкүнө, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарларга жана өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө байланышкан жол берилгис опурталдын жоктугу; техникалык регламент менен өз ара байланыштагы нормативдик документтер - ушул Техникалык регламенттеги талаптарды ишке ашыруучу нормативдик документтер; курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын колдонулуш цикли - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо, өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү процесстери; арыз берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын аймагында катталган юридикалык жак же жеке ишкер катары каттоодон өткөн курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүүчү (даярдоочу), сатуучу же болбосо чет өлкөлүк өндүрүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде берилүүчү продукциянын ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайыктыгын камсыздоо боюнча чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн функцияларын аткаруучу жак; имарат - адамдар жашашы жана (же) иштеши, өндүрүштөр жайгаштырылышы, продукция сактоо же жаныбарларды багуу үчүн бөлмө-жайлары бар жер үстүндөгү же жер астындагы курулуштук курулма; продукциянын идентификациясы - конкреттүү продукциянын үлгүгө жана (же) анын сүрөттөлүшүнө ылайыктыгын аныктоо; өндүрүүчү (даярдоочу) - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын техникалык жана технологиялык документтерге ылайык даярдаган, аларга (тара, таңгак) айырмалоочу белгилерди салып, муну менен продукциянын коопсуздугу үчүн укукту жана жоопкерчиликти моюнга алуучу юридикалык жак же жеке ишкер; импортер - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын башка өлкөлөрдөн алып келүүчү, ошону менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын коопсуздугу үчүн чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн ордуна функцияларды жана жоопкерчиликти мойнуна алган юридикалык жак же жеке ишкер; утилдештирүү - коркунучтуу жана пайдаланылбоочу курулуштук калдыктарды жок кылуу жана көмүү боюнча уюштуруучу-технологиялык жумуштардын комплексин аткарууга байланышкан иш же калдыктарды экинчи сырье жана пайдалуу продукция алуу максатында зыянсыздоо; минималдуу зарыл талаптар - адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды же өсүмдүктөрдү коргоо үчүн жетиштүү болгон, зыян келтирүү опурталын баалоого, курулуштук материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын коопсуздугу тууралуу керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келүүчү аракеттерди болтурбоого негизделген коопсуздук талаптары; жаңы продукция - биринчи жолу өндүрүлүп жаткан жана (же) Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келген, белгиленген тартипте бекитилген техникалык, анын ичинде милдеттүү талаптар коюла элек продукция; коопсуздукту камсыз кылуу - адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлкүнө жана (же) айлана-чөйрөгө, анын ичинде өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирүү мүмкүндүгүнө байланышкан опурталдарды болтурбоо боюнча комплекстүү инженердик-техникалык жана уюштуруучулук чараларды көрүү; курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын рынокто жүгүртүү - курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоодон жана өндүрүүдөн (даярдоодон) башка колдонулуш циклинин бардык стадиялары; опурталдуулук объектиси - курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары жана алар менен өз ара байланыштагы адамдарга, алардын мүлкүнө, айлана-чөйрөгө, жаныбарларга жана өсүмдүктөргө терс таасир этиши мүмкүн болгон өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдөө процесстери; сатуучу - жасап чыгаруучу, ыйгарым укуктуу өкүл же импорттоочу болбостон курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын саткан жана алардын коопсуздугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти мойнуна алган юридикалык жак же жеке ишкер; курулма - белгиленген керектөөчүлүк функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн багытталган курулуш иштеринин айрым жыйынтыгы; курулуш конструкциясы - имараттын жана курулманын тирөөч, тосмо жана (же) эстетикалык функцияларын аткаруучу бөлүгү; курулуш буюму - имараттардын жана курулмалардын курулуш конструкцияларынын элементтери катары пайдаланууга арналган буюмдар; курулуш материалдары - курулуш буюмдарын жана имараттар менен курулмалардын конструкцияларын даярдоо үчүн арналган материал; опурталдуулук субъектиси - опурталдуулук объектиси таасир этүүчү адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрө, мүлк; ыйгарым укуктуу өкүл - өндүрүүчү менен курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын сатуу укугуна келишим түзүшкөн жана өндүрүүчүнүн атынан алардын коопсуздугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти мойнуна алышкан юридикалык жак же жеке ишкер.
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-2" title="2-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>