1-берене. Ушул Техникалык регламентти колдонуу чөйрөсү
Күчүн жоготкон · 30.01.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2015 года № 187
1. "Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" ушул Техникалык регламенти (мындан ары - Техникалык регламент) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо, өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү (колдонуу циклинин стадияларында) процессинде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жагында болуучу керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келүүчү аракеттерди эскертүү максатында колдонулат.
2. Ушул Техникалык регламент төмөндөгүлөрдү белгилейт:
1) техникалык жөнгө салуунун объектилерин жана алардын идентификациясын;
2) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын колдонулуш циклинин бардык этаптарында алардын мүнөздөмөлөрүнө (касиеттерине) коюлган коопсуздуктун минималдык зарыл талаптарын;
3) керектөөчүлөрдү жаңылууга алып баруучу иштердин алдын алуу үчүн маалыматтарга болгон талаптарды;
4) курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын ушул Техникалык регламентте аныкталган талаптарга ылайыктуулугун баалоонун формаларын.
3. Ушул Техникалык регламентте техникалык жөнгө салуунун объектилери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) курулуш материалдары, буюмдары жана конструкциялары, алардын коопсуздугун аныктоочу мүнөздөмөлөрү;
2) курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын долбоорлоо, өндүрүү (даярдоо), ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү процесстери.
4. Ушул Техникалык регламенттин колдонулуу чөйрөсүнө кирүүчү курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын идентификациясы Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасындагы (ЕАЭБ ТЭИ ТН) коддорду жана продукциянын классификатору (ОКП) боюнча аларга ылайык келүүчү коддорду колдонуу менен белгиленет.
5. Ушул Техникалык регламент курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын мүнөздөмөлөрүнө (касиеттерине) карата коопсуздук талаптарын аныктоочу башка техникалык регламенттер менен бирдикте же болбосо аларды колдонуу мөөнөттөрүнүн бардык стадияларында колдонулат.
6. Башка техникалык регламенттердин талаптары ушул Техникалык регламентте аныкталган талаптарды жокко чыгара же төмөндөтө албайт.
7. Ушул Техникалык регламент мурда колдонулган жана курулуш ишинде кайрадан колдонула турган курулуш материалдарына, буюмдарына жана конструкцияларына карата жайылтылбайт.
(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.01.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202708/st-1" title="1-берене - Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>