2-берене. Эсептен чыгаруунун тартиби
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
1. Негизги карыздар, пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча өндүрүлгүс карыздар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдар боюнча карыздар эсептен чыгарылууга тийиш.
2. Пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча төмөнкүлөрдүн карыздары эсептен чыгарылууга тийиш:
1) электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн мамлекеттик органдардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча, толук көлөмдө;
2) электр бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдары боюнча, толук көлөмдө;
3) электр энергиясын керектөөчүлөрдүн электр бөлүштүрүүчү компаниялардын алдындагы 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептелген туумдары боюнча, толук көлөмдө.
3. Негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карыздарды эсептен чыгаруунун тартиби:
1) мамлекеттик органдар электр энергиясын негизги берүүчүлөргө негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;
2) электр энергиясын негизги берүүчүлөр электр бөлүштүрүүчү компанияларынын негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт;
3) электр бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын керектөөчүлөрдүн негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карызын 2009-жылдын 1-декабрына карата эсептен чыгарууну жүргүзөт.
4. Негизги карыздар, пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча өндүрүлгүс карыздарды, ошондой эле эсептелген туумдар боюнча карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методиканын негизинде жүргүзүлөт.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202707/st-2" title="2-берене - Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>