1-берене. Жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
1. Ушул Мыйзамдын жоболорунун колдонулушу электр энергетика субъектилерине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөргө жайылтылат.
2. Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:
электр энергиясын негизги берүүчүлөр - "Электр станциялары" ачык акционердик коому жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому; электр бөлүштүрүүчү компаниялар (мындан ары - электр бөлүштүрүүчү компаниялары) - "Түндүкэлектр", "Ошэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коомдору; электр энергиясын керектөөчүлөр - электр энергиясын керектеген юридикалык жана жеке жактар; пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар Кыргыз Республикасынын Салык жана Бажы кодекстерине, карыздык жана башка милдеттенмелердин шарттарына ылайык төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттүн ичинде өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн мамлекеттик органдар тарабынан кошуп эсептелген суммалар; кошуп эсептелген туум боюнча карыздар - өз убагында акы төлөбөгөндүгү үчүн электр энергиясын керектөөчүлөргө электр бөлүштүрүүчү компаниялары тарабынан кошуп эсептелген туумдар, ошондой эле электр бөлүштүрүүчү компанияларга негизги берүүчүлөр тарабынан кошумчаланган туумдар боюнча карыздар; мамлекеттик органдар - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду; негизги карыздар боюнча өндүрүлгүс карыздар - экономикалык мүнөздөгү себептерге байланыштуу кайтарып алууга мүмкүн болбогон электр энергиясын керектөөчүлөрдөн электр бөлүштүрүүчү компанияларына, электр бөлүштүрүүчү компанияларынан электр энергиясын негизги берүүчүлөрүнө, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдөн мамлекеттик органдарга таандык болгон негизги карыздардын суммасы; эсептен чыгаруу - өндүрүлгүс карызды, ошондой эле кошумчаланган туумдарды, пайыздарды, финансылык, айыптык жана салыктык санкцияларды төлөөдөн бир ирет (бир жолку) бошотуу.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202707/st-1" title="1-берене - Негизги карыздар, кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, финансылык, айыптык жана салыктык санкциялар боюнча электр энергиясын керектөөчүлөрдүн, электр бөлүштүрүүчү компаниялардын, электр энергиясын негизги берүүчүлөрдүн өндүрүлгүс карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>