Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 23-январы № 14
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү
2008-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамына
("Эркин Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, №8.) төмөнкүдөй толуктоо-
лор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын он жетинчи абзацындагы "же берүүчү" деген сөздөн
кийин "электр энергиясын жана" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи жана жыйырма
экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Энергетикалык кызмат-берүү, бөлүштүрүү, сатуу, сактоо (электр жа-
на жылуулук энергиясын сактоодон башка) жана энергоресурстарды ташуу;
Электроэнергия - бир эле мезгилде аны өндүрүү жана керектөө менен
мүнөздөлгөн, берилген чектердеги анын параметрлерин ар дайым,
үзгүлтүксүз жана сапаттуу сактоону талап кылган өзгөчө түрдөгү товар;".
3. 15-1-статьянын 3-пунктундагы "кызмат көрсөтүү" деген сөз "энер-
гетикалык кызмат көрсөтүүлөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 16-статьянын бешинчи абзацындагы жана 17-беренедеги ар кандай
жөндөмөдөгү жана сандык формадагы "көрсөтүлүүчү кызматтын" деген сөздөр
"тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандарда "энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр-
дүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 21-статьяда:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"алардын сапатын кошо эсептегенде, энергетикалык кызмат көрсөтүү
жана электр энергиясын берүү үчүн тарифтерди белгилөө боюнча дискрими-
нациялоого тыюу салынат;";
алтынчы абзацтагы "кызмат көрсөтүүнүн" деген сөздөр "берилген
электр энергиясынын жана энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн" деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы "кызмат көрсөтүү" деген сөздөр "берилген
электр энергиясы жана энергетикалык кызматтардын" жана "кызматтын ар
кандай түрлөрүн же керектөөчүлөрдө тандоо мүмкүнчүлүгү болбогон ар кан-
дай сапаттагы кызмат көрсөтүү" деген сөздөр "керектөөчүлөрдө тандоо
мүмкүнчүлүгү болгон учурларда энергетикалык кызматтын түрлөрүнүн жана
сапатынын же электр энергиясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 22-статьянын аталышындагы "керектөөчүлөргө" деген сөздөрдөн ки-
йин "электр энергетикалык жана энергетикалык" деген сөздөр менен толук-
талсын.
7. 23-статьядагы "кызмат көрсөтүлүүчү" деген сөздөр "электр энер-
гиясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1996-жылдын 30-октябрындагы №56 "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин.
9-статьянын 9-пунктундагы "энергетикалык кызмат көрсөтүүлөргө" де-
ген сөздөрдөн кийин "жана электр энергиясына" деген сөздөр менен толук-
талсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
Шилтеме берет (2)
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8