Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 19-январы №7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүмүнө (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., №6, 80-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 44-статьянын 2-бөлүгү "өздүк" деген сөздөн кийин "гана" деген
сөз менен толукталсын.
2. 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 131-1-статья менен толукталсын:
"131-1-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан
облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды
чыгаруу
Коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте облигаци-
яларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга укуктуу.".
3. 147-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган
тартипте облигацияларды жана камсыздалган облигацияларды чыгарууга
укуктуу.".
2-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6,
240-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
27-статьясынын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толук-
талсын:
"Акционердик коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага,
мурдагы чыгарылган акциялар жайгаштырылгандан кийин жана өзүнүн иштеши-
нин үчүнчү жылынан эрте эмес, ушул убакытка карата коомдун эки жылдык
балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга
укуктуу.
Мурдагы чакырылыштагы акциялар жайгаштырылгандан кийин коом тара-
бынан берилген же болбосо үчүнчү жактар тарабынан бул максаттарда коом-
го берилген чоњдукка акционердик коом камсыздоо чоњдугуна камсыздалган
облигацияларды чыгарууга укуктуу. Мында акционердик коомдун капиталынын
өлчөмүнө жана аны иштөө мөөнөтүнө карата ушул пунктун алтынчы абзацында
көрсөтүлгөн талаптар акционердик коом тарабынан камсыздалган облигация-
ларды чыгарылган учурда колдонулбайт.
Камсыздалган облигацияларды чыгаруунун жайгаштыруунун жана жабдуу-
нун тартиби, шарттары баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуучу ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен аныкта-
лат.".
3-берене.
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" 1996-жылдын 15-нояб-
рындагы №60 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү кир-
гизилсин:
39-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39-статья. Жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан облигацияларды
жана камсыздалган облигацияларды чыгаруу
1. Коом өздүк капиталынын өлчөмүнөн ашпаган суммага, иштешинин
үчүнчү жылынан эрте эмес жана ушул убакытка карата коомдун эки жылдык
балансын тийиштүү түрдө бекиткен шарттарда облигацияларды чыгарууга
укуктуу.
2. Коом өзү берген камсыздоонун чоњдугуна же болбосо ушул максатта
коомго үчүнчү жактар тарабынан берилген чоњдукка камсыздалган облигаци-
яларды чыгарууга укуктуу. Мында, ушул статьянын 1-пункту менен коомдун
өздүк капиталынын өлчөмүнө жана иштешинин мөөнөтүнө коюлуучу талаптар
колдонулбайт.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө
кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине Караштуу Мамлекеттик Салык Кызматынын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу…Приказ · 16.10.2023 · № 277
- Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуЗакон · 27.01.2006 · № 15