7-берене. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо каражаттары
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 2-глава
Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздугун камсыздоо төмөнкүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) айлана-чөйрөгө терс таасирдин азайышын, персоналдын коопсуздугун камсыздоочу жана авариялык кырдаалдын чыгышын болтурбоочу конструкциялык сапаттары бар машиналарды жана жабдууларды колдонуу, ошондой эле технологиялык процесстерди колдонуу;
2) саркындыларды, чыккан булгоочу заттарды тазалоонун айлана-чөйрөгө терс таасиринин деңгээлин минималдаштырууга мүмкүндүк берүүчү натыйжалуу ыкмаларын жана технологияларын, пайда болгон калдыктарды утилдештирүүнүн технологияларын колдонуу;
3) ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен чарбалык жана башка иштин пландалып жаткан объектинин айлана-чөйрөгө таасирин көрсөтүлгөн ишти жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин баалоо.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202693/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>