6-берене. Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу принциптери
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 1-глава
Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) чарбалык жана башка ишти жүргүзүү боюнча чечим чыгарылганга чейин мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана айлана-чөйрөгө таасирди баалоонун милдеттүү жүргүзүлүшү;
2) ушул жана башка техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга жараша чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө таасиринин белгиленген деңгээлинин жол берилиши;
3) экономикалык жана социалдык факторлорду, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну эсепке алуу менен колдо болгон мыкты технологияларды пайдалануу аркылуу чарбалык жана башка иштин өндүрүштүк процесстеринин айлана-чөйрөгө терс таасирин төмөндөтүүнү камсыз кылуу;
4) айлана-чөйрө үчүн натыйжасын болжолдоого мүмкүн болбогон чарбалык жана башка иштин процесстеринин жүргүзүлүшүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүгө алып келиши мүмкүн болгон долбоорлордун ишке ашырылышына тыюу салуу;
5) табигый экологиялык системаларды сактоо артыкчылыгы;
6) ачыктык принциби: экологиялык натыйжалар болуучу чарбалык жана башка иш процесстерин пландоодогу, ишке киргизүүдөгү ачык-айкындык, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланыш, жаратылыш ресурстарын сактоого жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иштерди сүрөмөлөө жана түрткү берүү.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202693/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>