13-берене. Жер кыртышын жана жаратылыш ландшафттарын коргоону камсыз кылуучу экологиялык коопсуздуктун талаптары
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 3-глава
1. Жер кыртышын бузууга байланыштуу иш өндүрүшүндө рекультивациялоо үчүн кыртыштын асылдуулук катмарын алууга, сактоого жана кийин пайдаланууга болот.
2. Убактылуу кирүү жолдорунун трассаларын төшөө жергиликтүү жаратылыш шарттарын эске алуу менен колдонуудагы жол тармагын максималдуу пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Транспорттун жана атайын техникалардын кыймылы коопсуз кыймылды камсыздоочу, өсүмдүк жана жер кыртышынын катмарын бузууга алып келбеген атайын курулган жолдор боюнча гана жүзөгө ашырылат.
4. Пайдалуу кендерди иштетүүдө чарбакер субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жер кыртышынын суу жана шамал эрозиясын, жердин шор басып кетишин, саздакка айланышын же асылдуулугун төмөндөтүүчү башка түрлөрүн болтурбоочу же тоскоолдук кылуучу иш-чараларды жүргүзүүгө;
2) жумушту аяктагандан кийин жабдууларды демонтаждоо, аянттардын гидроизоляциялык катмарларын, бетон пайдубалдарын бузуу, иш жүргүзгөн жерлерде жана жанаша аймактарда аны металл калдыктарынан, курулуш таштандыларынан тазалоо, булганган катмарды алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;
3) техникалык рекультивациялоону (жер үстүн планировкалоо, эгер ал алынган болсо, асылдуулук катмарын ташуу жана бөлүү), ошондой эле биологиялык рекультивациялоону жүргүзүүгө, анын ыкмалары жаратылыштык-климаттык шарттар жана жерди максаттуу пайдалануу менен аныкталат. Техникалык рекультивация субъектинин чарбалык жана башка иштин күчү менен аткарылат.
5. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы чарбалык жана башка иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектелет.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202693/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>