3-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын жүзөгө ашыруунун
Күчүн жоготкон · 04.08.2023 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 157.
принциптери
Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракет-
тенишүүсү, иш-аракеттерин координациялоосу;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жаш жарандарды (жаштар уюмдарын) максаттуу финансылык кол-
доого алуусу;
3) жаш жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар
маселелер боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгуу про-
цессине жаш жарандарды (жаштар уюмдарын) тартуу;
4) жаштардын турмушта өз ордун табуусу үчүн бирдей
мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүү, ошондой эле аял жана эркек жыны-
сындагы жаштарды коомдун социалдык-экономикалык, саясый жана маданий
турмушуна тартуу аркылуу коомдук пайдалуу демилгелерге дем берүү;
5) жаштарды (жаштар уюмдарын) мамлекеттик эмес колдоого алууну иш-
ке ашырууда жеке жана юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү;
6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына, жеке жана юридикалык жактарга мониторинг жүргүзүү жана баа
берүү.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202686/st-3" title="3-берене - Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>