18-берене. Жаштар менен иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдар
Күчүн жоготкон · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 157.
1. Жаштар менен иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдарга төмөнкүлөр
кирет:
1) тарбиялоочу мекемелер (жаштар, өспүрүмдөр клубдары, жаштар
үйлөрү жана аксарайлары, дене тарбия-спорттук бирикмелер, жаштар бор-
борлору жана башка уюмдар);
2) жаштар үчүн социалдык кызматтар, жаштардын ишке орношуусуна
көмөктөшүү боюнча уюмдарды (жаштардын эмгек биржалары, жаштарды ишке
орноштуруу борборлору жана башка уюмдар) кошуп алганда;
3) кошумча билим берүүчү мекемелер;
4) ден соолук чыњдоочу балдар жана жаштар борборлору жана лагерле-
ри;
5) жаштар уюмдары, жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын корго-
ого багытталган демилгелерди жүзөгө ашыруучу башка уюмдар.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдар
оор турмуштук кырдаалга тушуккан жаш жарандарга социалдык колдоо
көрсөтүү, турмуш-тиричиликтик, социалдык-медициналык, психологиялык-пе-
дагогикалык, укуктук кызматтарды көрсөтүү, аларды социалдык, психологи-
ялык адаптациялоого жана социалдык реабилитациялоого көмөк көрсөтүү бо-
юнча иш-чараларды конкурстун, мамлекеттик социалдык заказдын жыйынтык-
тары боюнча жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202686/st-18" title="18-берене - Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>