17-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө
Күчүн жоготкон · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 157.
ашырууга жаштардын катышуусу
1. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө ашыруу-
га жаштар (жаштар уюмдары) төмөнкүлөр аркылуу катышат:
1) сунуштарды киргизүү жана мамлекеттик органдарга жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүү;
2) максаттуу мамлекеттик программалардын жана жергиликтүү дењгээл-
деги программалардын долбоорлорун жана жаштардын укуктарын жана кызык-
чылыктарын жүзөгө ашыруунун башка маселелерин коомдук талкуулоого, угу-
уга катышуу;
3) жаштар демилгелерин жүзөгө ашыруу;
4) жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар ченемдик
укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда маалыматтык колдоо
көрсөтүү жана сунуштарды берүү;
5) жаштар маселелери менен иштеген консультативдик кењештердин, эл
аралык, мамлекеттер аралык жана башка уюмдардын ишине катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка фор-
малар.
2. Жаш жарандарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана
жүзөгө ашырууга тартуу максатында эки жылда бир жолу Кыргызстан жашта-
рынын республикалык конгресси өткөрүлөт. Кыргызстан, жаштарынын респуб-
ликалык конгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, региондордон
жаштардын кызыкчылыктарын билдирүүчү делегаттарды шайлоонун жол-жоболо-
ру Өкмөт тарабынан белгиленет. Кыргызстан жаштарынын республикалык
конгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн, ошондой эле делегаттарды шайло-
онун жол-жоболорун жөнгө салуучу Өкмөттүн ченемдик укуктук актысынын
долбоору милдеттүү түрдө коомдук талкууга алынууга жана консультативдик
кењеште каралууга жатат.
3) Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин негизги мил-
деттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) талкуулоо;
2) сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарына жана башка уюмдарга карата мамлекеттик жаштар саясатынын маселе-
лери боюнча кайрылууларды кабыл алуу.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 540 "Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 19.11.2018 · № 540
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 540-токтомуПостановление · 19.11.2018 · № 540
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202686/st-17" title="17-берене - Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>