45-берене. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2016 года № 24
(Берененин аталышы КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдерин, анын ичинде пенсиялык активдерин ишенимдүү башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын иши инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши деп таанылат.
2. Кардардын инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши башкаруучу компаниянын кардарынын кызыкчылыгында киреше алуу максатында сый-акыга башкаруучу компания тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Башкаруучу компаниянын иш-милдеттери болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге акча инвестициялоо тууралу чечимдерди кабыл алуу;
2) инвестициялык активдерди башкаруу процессинде жөнгө салынуучу субъекттер менен өз ара иштөөсү;
3) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте эмиссиялык баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер менен жасалган бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүү;
4) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттарын аткаруу.
4. Башкаруучу компания кардарлардын активдеринин менчик ээси болуп эсептелбейт. Башкаруучу компаниянын мүлкү башкаруучу компаниянын кардарларынын мүлкүнөн обочолонгон болушу керек.
5. Башкаруучу компания кардарлардын инвестициялык активдерин жана алар менен операциялардын эсебин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүүгө милдеттүү.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, инвестициялык активдерди башкаруучу башкарууда турган эмиссиялык баалуу кагаздарга жана башка финансылык инструменттерге карата аларды пайдалануу жана тескөө боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
7. инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иш жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
8. Башкаруучу компания банкрот жана ыктыярдуу жоюлган учурда башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активи башкаруучу компаниянын жеке активинен өзүнчө эсепке алынат жана жоюлуучу массага кошулбайт.
Башкаруучу компаниянын милдеттенмелери боюнча башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активине өндүрүп алууну салууга жол берилбейт. (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
22.03.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Инвестициялык активдерди кошулду: ишенимдүү башкаруу боюнча иш
кошулду: (Берененин аталышы КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Башкаруучу компаниянын кардарларынын инвестициялык активдерин, … башкаруу боюнча башкаруучу компаниянын иши инвестициялык активдерди кошулду: ишенимдүү башкаруу боюнча алынып салынды: иш кошулду: иши деп таанылат.
2. Кардардын инвестициялык алынып салынды: активин кошулду: активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иши башкаруучу компаниянын кардарынын кызыкчылыгында … жасалган бүтүмдөрдүн эсебин жүргүзүү;
4) инвестициялык активдерди кошулду: ишенимдүү башкаруу боюнча келишимдин шарттарын аткаруу.
4. Башкаруучу компания … пайдалануу жана тескөө боюнча укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
7. алынып салынды: Инвестициялык кошулду: инвестициялык активдерди кошулду: ишенимдүү башкаруу боюнча алынып салынды: ишти кошулду: иш жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын … өндүрүп алууну салууга жол берилбейт.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 122 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 122, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен…Положение · 15.07.2015 · № 497 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-45" title="45-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>