39-берене. Баалуу кагаздарды жүгүртүү
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталуучу баалуу кагаздарды, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык фондулук биржада жүзөгө ашырылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздардан башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр, ошондой эле баалуу кагаздар менен, ошонун ичинде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу кагаздар менен болгон башка бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр жазуу жүзүндө жасалат. Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн жазуу жүзүндөгү формасы бүтүм жасаган жак тарабынан баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте электрондук кол тамганын жардамы менен бүтүм жасалган учурда да сакталды деп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында глобалдык депозитардык тил каттар квалификациялуу инвесторлор арасында гана жүгүртүлүшү мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 122 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О рынке ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Баалуу кагаздарды жүгүртүү
1. алынып салынды: Ачык кошулду: Кыргыз Республикасынын аймагында ачык сунушталуучу баалуу кагаздарды, ошондой эле ачык акционердик коомдордун акцияларын сатып алуу-сатуу (алмаштыруу) боюнча бүтүмдөр алынып салынды: фондулук биржада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кошулду: фондулук биржада жүзөгө ашырылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн баалуу … Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
кошулду: 3. Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр жазуу жүзүндө жасалат. Баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдүн жазуу жүзүндөгү формасы бүтүм жасаган жак тарабынан баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте электрондук кол тамганын жардамы менен бүтүм жасалган учурда да сакталды деп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында глобалдык депозитардык тил каттар квалификациялуу инвесторлор арасында гана жүгүртүлүшү мүмкүн.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 122 Мыйзамынын кошулду: 122, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 245 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы N 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун…Постановление · 06.05.2013 · № 245
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 "Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун…Постановление · 02.07.2015 · № 435
- Банктык эмес финансылык рынок жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө Убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 497 токтому менен…Положение · 15.07.2015 · № 497 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-39" title="39-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>