37-берене. Баалуу кагаздарга карата менчик укугу
Күчүндө · 10.07.2025 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
1. Эмитент чыгарган бардык баалуу кагаздар баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочусу тарабынан реестрге катталууга тийиш. Баалуу кагаздардын эмитенти баалуу кагаздардын көз карандысыз реестр кармоочусу менен баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүү жана сактоо боюнча келишим түзүшү керек.
2. Документтик эмес формадагы баалуу кагаздарга карата менчик укугу реестрди жүргүзүү системасында - реестрди кармоочунун өздүк эсептериндеги жазууларда же депозитарийде баалуу кагаздарга карата укуктарды эсепке алуу учурунда депозитарийлердеги депо эсептериндеги жазуулар менен күбөлөндүрүлөт.
3. Документтик баалуу кагаздарга карата ээлеринин укуктары баалуу кагаздар менен же депозитарийлердеги депо эсептери боюнча сертификаттар жана жазуулар менен (эгерде сертификаттар депозитарийге сактоого берилген учурда) күбөлөндүрүлөт.
4. Бир эле баалуу кагазга болгон менчик укугу бир эле мезгилде баалуу кагаздардын ээлеринин реестринде да, жана депозитарийдин депо эсеби боюнча да чагылдырылышы мүмкүн эмес.
5. Террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде) турган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылуучу жана жүгүртүлүүчү баалуу кагаздарга ээлик кыла албайт.
(КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 10.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана депозитарийдин депо эсеби боюнча да чагылдырылышы мүмкүн эмес. кошулду: 5. Террористтик же экстремисттик иштерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинде жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинде) турган жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырылуучу жана жүгүртүлүүчү баалуу кагаздарга ээлик кыла албайт. (КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202677/st-37" title="37-берене - Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>