7-берене. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча ишке карата квалификациялык талаптар (критерийлер)
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 168.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 октября 2017 года № 177
1. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негизги технологиялык жабдуу жана этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны жүгүртүүнүн, анын ичинде алкоголдук продукцияны чекене сатып өткөрүүнүн көлөмүн эсепке алуу үчүн жабдуу этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана (же) жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты жазып алуунун жана бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системага берүүнүн техникалык каражаттары менен жабдылууга тийиш.
Этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн өлчөөнүн жана эсепке алуунун автоматтык каражаттарына карата талаптар жана бирдиктүү мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системанын иштөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Этил спиртин, алкоголдук, спиртти камтыган продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары мындай продукцияны сатып алуу, өндүрүү, сактоо жана берүү жөнүндө маалыматтарды кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш. Акциздик маркалар менен маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн маалыматтарды кабыл алуу жана берүү менен бир катар төмөнкүдөй маалыматтарды акциздик маркаларга жазууну жана алардан окуй алууну камсыз кылууга тийиш:
1) алкоголдук продукциянын аталышын;
2) алкоголдук продукциянын түрүн;
3) этил спиртинин камтылышын;
4) керектөө идишиндеги алкоголдук продукциянын көлөмүн;
5) алкоголдук продукцияны өндүрүүчүнүн аталышын;
6) алкоголдук продукцияны өндүрүүчүнүн жайгашкан жерин;
7) алкоголдук продукцияны жасап чыгарылган өлкөнү;
8) сапаттын жана коопсуздуктун белгиленген талаптарына ылайык келүүсүнүн ырастоосун;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган башка маалыматтарды.
Акциздик маркалар менен маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоонун көлөмүн эсепке алуу үчүн жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары мындай продукция жөнүндө ушул бөлүктөгү төртүнчү абзацта көрсөтүлгөн маалыматтарды акциздик маркаларга жазууну жана алардан окуй алууну, ошондой эле мындай продукцияны сатып алуу, сактоо жана берүү жөнүндө маалыматты кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш. Маркалануучу алкоголдук продукцияны жүгүртүүнүн, анын ичинде чекене сатып өткөрүүнүн көлөмүн эсепке алуу үчүн жабдууну пайдалануучу уюмдардын программалык-аппараттык каражаттары мындай продукция жөнүндө ушул бөлүктөгү төртүнчү абзацта көрсөтүлгөн маалыматтарды акциздик маркалардан окуй алууну, ошондой эле мындай продукцияны жүгүртүү жөнүндө маалыматтарды кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) пивону жана спиртти камтыган продукцияны чекене сатуунун көлөмүнө;
2) коомдук тамактанууда кызмат көрсөтүүдө алкоголдук продукцияны чекене сатуунун көлөмүнө;
3) калкынын саны үч миң адамга жетпеген калктуу конуштарда алкоголдук продукцияны чекене сатуунун көлөмүнө;
4) спиртти камтыбаган продукцияны жасап чыгарууда чийки зат же көмөкчү материал катары пайдалануу максатында же болбосо техникалык максаттарда же этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүүгө жана (же) жүгүртүүгө (сатып алууну кошпогондо) байланышпаган башка максаттарда этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны сатып алуунун көлөмүнө;
5) Евразиялык экономикалык бирликтин (мындан ары - ЕАЭБ) укугуна ылайык белгиленген бажылык транзит, бажылык кампа, алымсыз соода, жок кылуу бажылык жол-жоболоруна же атайын бажылык жол-жобого жайгаштырылган этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны жүгүртүүнүн көлөмүнө;
6) мыйзамдарды бузгандыгы үчүн алып коюлган же конфискацияланган этил спиртин, алкоголдук, спиртти камтыган продукцияны сактоонун, аларды сатып-өткөрүүнүн же жок кылуунун мөөнөттөрүнө;
7) фармакопеялык беренелер боюнча этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүнө;
8) жылына 30 миң декалитрден ашпаган өндүрүштүк кубаттуулукта пиво өндүрүүнүн көлөмүнө.
(КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2013-жылдын 17-июлундагы № 148, 2017-жылдын 17-июнундагы № 105, 2017-жылдын 20-октябрындагы N 177 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 октября 2017 года № 177 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта, алкогольной продукции, розничной продажи и потребления алкогольной продукции, тонизирующих безалкогольных и слабоалкогольных напитков"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2017 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июля 2013 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-мартындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2010 · № 194
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майы № 318 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 31.05.2017 · № 318
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202669/st-7" title="7-берене - Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>