2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 168.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июня 2017 года № 105
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: адсорбент - суюктуктардын жана газдардын ар түрдүү компоненттерин жакшы сиңирип алуучу заттар; алкоголдук продукция - азыктык чийки заттан жасалган этил спиртин жана (же) спирттүү азыктык продукцияны пайдаланып жасалган, этил спиртинин өлчөмү даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашкан азыктык продукция; суусуз спирт - суу кошулбаган, эсеп-кысапта колдонулуучу шарттуу түшүнүк катары пайдаланылуучу жүз пайыз спирт же таза алкоголь; денатураланган этил спирти - ага заттардын жагымсыз жыты жана даамы кошулган, спиртте эриген жана жөнөкөй физика-химиялык методдор (кайнатуу, тоңдуруу, чыпкалоо жана дагы у.с.) менен андан бөлүнбөгөн чийки зат этил спирти; чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ юридикалык жак;
- чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
- бир же бир нече чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык;
- жазуу жүзүндө контракт, добуш берүүчү акциялардын көпчүлүгүн ишке ашыруу укугу, аткаруучу же байкоочу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоо укугу аркылуу бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан контролдонот же башкарылат;
- Кыргыз Республикасында катталган жана ушул түшүнүктө айтылган чет элдик жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же юридикалык адамдарга таандык уставдык капиталдын 49 пайыздан кем эмесине ээ;
- мамлекет аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн;
коньяк спирти - коньяктык шарап материалдарды фракциялык дистилляция жолу менен алынган спирт; этил спиртин жана (же) алкоголдук продукцияны жүгүртүү - импорт, экспорт, сактоо, дүң жана (же) чекене сатуу; дүң сатуу - алкоголдук продукцияны чекене сатуу менен иштеген чарбакер субъекттерге, ошондой эле жеке керектөө үчүн жеке адамдарга алкоголдук продукцияны сатуу; органолептикалык баалоо - продукциянын сапатын жана абалын баалоонун негизги методу, ал сезүү органдарынын (көрүү, жыт алуу, даамын билүү жана туюу) жардамы менен гана жүзөгө ашырылат жана негизинен өңүн, даамын, жытын аныктоого жана толук мүнөздөөгө негизделет; ректификация (брагоректификация) - суюк жана буу фазаларынын ортосунда аралашмалардын компоненттерин ар түрдүү бөлүүгө негизденген көп компоненттүү суюк аралашмаларды бөлүүнүн ыкмасы; чекене сатуу - алкоголдук продукцияны керектөө үчүн сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат; спирттүү продукция - этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашкан азыктык же азыктык эмес продукция; спирттүү азыктык продукция - чийки азык заттан алынган этил спирттүү, этил спиртинин өлчөмү даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашык азыктык чийки зат; спирттүү азыктык эмес продукция - этил спиртин, спирттүү башка продукцияны же этил спиртинин өндүрүшүнүн спирттүү калдыктарын пайдаланып жасалган, этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашкан азыктык эмес продукция (анын ичинде денатураланган спирттүү продукция, спирттүү парфюмериялык-косметикалык продукция, бардык эритиндилер, эмульсиялар, суспензиялар); сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер - атайын багыттагы - сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер; этил спирти - буудайдан, картошкадан, кант кызылчадан, патока-мелассадан, чийки канттын мелассасынан, жемиштерден жана башка канттуу жана крахмалдуу азыктык өсүмдүк чийки заттарынан жасалган спирт брагаларын брагоректификация же чийки зат этил спиртин ректификациялоо жолу менен, шарап материалдардан түз же кайрадан тартуу (коньяк спиртин) жана азыктык эмес чийки заттан башкача жолдор менен алынуучу продукция; керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуздук талаптарына жооп бербеген этил спирти же алкоголдук продукция, - Кыргыз Республикасынын тамак-аш продукциянын коопсуздугу жана техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына жооп бербеген этил спирти же алкоголдук продукция. (КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 17 июня 2017 года № 105 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции", Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
17.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…продукция, бардык эритиндилер, эмульсиялар, суспензиялар); кошулду: сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер - атайын багыттагы - сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер; этил спирти - буудайдан, картошкадан, кант кызылчадан, … талаптарына жооп бербеген этил спирти же алкоголдук продукция. кошулду: (КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202669/st-2" title="2-берене - Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>