1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 168.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 мая 2011 года № 33
1. Ушул Мыйзамдын күчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле алкоголдук продукцияны чекене сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырышкан жеке ишкерлер катышкан мамилелерге карата жайылтылат.
2. Ушул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
- этил спиртин камтыган продукцияны сатуу максатында эмес өндүргөн жеке жактардын ишине;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишти жүзөгө ашырышкан, иши этил спирттүү дары, дарылоочу-профилактикалык, диагностикалык каражаттарды, медициналык буюмдарды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө байланышкан уюмдардын ишине, ошондой эле дарыкана мекемелеринин жеке рецепттер боюнча дары каражаттарды, анын ичинде гомеопатиялык препараттарды, ветеринардык арналыштагы препараттарды, парфюмериялык-косметикалык продукцияны жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык арналыштагы башка продукцияны жасоого байланышкан иштерине;
- этил спиртинин үлүшү даяр продукциянын көлөмүнүн 6 пайызынан ашпаган, этил спиртин кошпостон жасалган натуралдуу ичимдиктерди, пивону кошпогондо, өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке;
- эфир-альдегид фракциясын кошпогондо, спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке.
3. Этил спиртин медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда сатып алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 30 мая 2011 года № 33 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
30.05.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…формасына карабастан юридикалык жактар, ошондой эле алкоголдук алынып салынды: продук-
цияны кошулду: продукцияны чекене сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырышкан жеке ишкерлер катышкан … жана жүгүртүүгө байланышкан уюмдардын ишине, ошондой эле дарыкана алынып салынды: мекемеле-
ринин кошулду: мекемелеринин жеке рецепттер боюнча дары каражаттарды, анын ичинде алынып салынды: гомеопатия-
лык кошулду: гомеопатиялык препараттарды, ветеринардык арналыштагы препараттарды, алынып салынды: парфюмерия-
лык-косметикалык кошулду: парфюмериялык-косметикалык продукцияны жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык арналыштагы … этил спиртинин үлүшү даяр продукциянын көлөмүнүн 6 пайызынан алынып салынды: аш-
паган, кошулду: ашпаган, этил спиртин кошпостон жасалган натуралдуу алынып салынды: ичимдиктерди кошулду: ичимдиктерди, пивону кошпогондо, өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке;
- эфир-альдегид фракциясын кошпогондо, спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке.
3. Этил спиртин медициналык, … Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2011-жылдын 30-майындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 250 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202669/st-1" title="1-берене - Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>