7-берене. Куралдуу Күчтөргө жетекчилик
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Кыргыз Республикасын коргоого жана Куралдуу Күчтөрүнө жогорку жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Башкы кол башчысы) - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасы (мындан ары - Коргоо кеңеши) жүзөгө ашырат.
2. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу конституциялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Коопсуздук кеңешинин иштөө тартиби Мыйзам менен белгиленет.
3. Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоого жана колдонууга түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (мындан ары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы) жүзөгө ашырат, ал аскердик башкаруунун борбордук органы жана Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү ыкчам башкаруунун башкы органы болуп саналат.
Согуштук же өзгөчө абалды киргизүүдө Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, жарандык коргонуу органдарынын, өзүнүн компетенциясынын чектеринде улуттук коопсуздукту камсыз кылуу тутумуна тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.
4. Куралдуу Күчтөрдө жана башка аскердик түзүлүштөрдө мамлекеттик аскердик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө кирген, коргоо маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган ишке ашырат, жетекчинин ыйгарым укугуна тиешелүү маселелер боюнча анын буйруктары, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса, Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 марта 2017 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны и безопасности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(мындан ары - Коргоо кеңеши) жүзөгө ашырат.
2. Коопсуздук кеңеши алынып салынды: коргоо жана коопсуздукту кошулду: Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу алынып салынды: жаатындагы кошулду: чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу конституциялык алынып салынды: консультативдик кошулду: кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Коопсуздук кеңешинин иштөө тартиби Мыйзам менен … башкы органы болуп саналат.
Согуштук же өзгөчө абалды киргизүүдө алынып салынды: же ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кризистик кырдаалдар пайда болгондо Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы ички иштер, улуттук коопсуздук, … ашыруу маселелери боюнча жалпы жетекчиликти Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтүнүн кошулду: Министрлер Кабинетинин түзүмүнө кирген, коргоо маселелерин алып баруучу мамлекеттик орган … Куралдуу Күчтөр жана башка аскердик түзүлүштөр үчүн милдеттүү.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2017-жылдын 18-мартындагы № 46, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 алынып салынды: (2) кошулду: (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- 2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163…Закон · 01.12.2017 · № 197(2)
- Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.03.2017 · № 46
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 03.02.2014 · № 24
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-7" title="7-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>