6-берене. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы, милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 133
1. Куралдуу Күчтөр коргонуу меселелерин тескөөчү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аскердик башкаруу органдарынан, бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, бөлүкчөлөрүнөн, мекемелеринен, аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун түрлөрүнөн турат.
Бирикмелер, кошуундар, бөлүктөр жана мекемелер юридикалык жактын укуктарына ээ. Мекемелерге ошондой эле аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналган аскер комиссариаттары да кирет. Согуш мезгилинде Куралдуу Күчтөр өз милдеттерин башка аскердик түзүмдөр менен өз ара аракеттенип аткарат.
2. Куралдуу Күчтөрдүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүшүн, коомду жана жарандарды баскынчылыктан куралдуу коргоо;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын куралдуу коргоого катышуу;
3) аймактык коргонууга катышуу;
4) өзгөчө жана согуштук абалдардын режимдерин кармоо;
5) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жана табигый, технотектүү мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу;
6) терроризмге жана экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүүгө катышуу;
7) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту кармоо боюнча иш-аракеттерге катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерди кайтарууга катышуу;
9) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо жана аскердик коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка милдеттер.
3. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоого мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскердик түзүлүштөрү жана аймактык коргоо милдеттерин чечүү үчүн түзүлүүчү резервдик түзүлүштөр (башка аскердик түзүлүштөр) тартылат.
Башка аскердик түзүлүштөрдүн милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-февралындагы № 24, 2014-жылдын 29-ноябрындагы № 161, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 ноября 2014 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об обороне и Вооруженных Силах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…башка аскердик түзүлүштөрдүн курамы, милдеттери
1. Куралдуу Күчтөр кошулду: коргонуу меселелерин тескөөчү жана мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аскердик башкаруу органдарынан, алынып салынды: Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүнүн бирикмелеринен, кошуундарынан, бөлүктөрүнөн, алынып салынды: бөлүкчөлөрүнөн жана кошулду: бөлүкчөлөрүнөн, мекемелеринен, алынып салынды: Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин, атайын аскерлеринин, атайын түзүмдөрүнүн жана ооруктун … 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2023-жылдын 7-августундагы № алынып салынды: 164 кошулду: 164, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 142 "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 23.03.2015 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
- 2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163…Закон · 01.12.2017 · № 197(2)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 03.02.2014 · № 24
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 29.11.2014 · № 161
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-6" title="6-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>