Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
24-берене. Куралдуу Күчтөрдө коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин ишмердигин чектөө
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-бөлүм
Куралдуу Күчтөрдө саясий максаттарды көздөгөн коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин ишмердигине, ошондой эле алардын түзүмдөрүн түзүүгө жол берилбейт. Ар кандай коомдук жана башка уюмдар менен бирикмелердин түзүмдөрүн түзүү жана алардын ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларын жана каржылык каражаттарын колдонууга жол берилбейт. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында ар кандай ишмердикти жүзөгө ашырууга жол берилбейт. Аскер кызматчыларынын саясий партияларга мүчө болушуна, ошондой эле алардын кандайдыр бир саясий партияны колдоп чыгышына жол берилбейт. Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин ишмердигине ар кандай саясий пропагандалоону жана үгүттөөнү жүргүзүүгө, ошондой эле диний уюмдардын жана диний ырым-жырымдарды аткарган кызматкерлердин кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо мезгилинде, референдумдарды өткөрүү мезгилинде Куралдуу Күчтөрдүн бирикмелеринин, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аймагында тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жол берилет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-24" title="24-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>