Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер кызматчыларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары
2010-жылдын 20-майы УӨ № 49
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Чакырылуучу мобилизациялык резервдин аскер
кызматчыларынын тамактануусун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кошундарын жана
бөлүктөрүн азык-түлүк менен камсыздоо системасын өркүндөтүү максатында
жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 3-бөлүгүн көњүлгө алуу
менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине чакырылуучу мобили-
зациялык резервдин аскер кызматчылары үчүн тамактанууну Кыргыз Респуб-
ликасынын Коргоо министрлигинин чарбалык эсептик түзүмдүк бөлүмдөрү ар-
кылуу белгиленген нормалар боюнча келишимдик негизде уюштурууга уруксат
берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги квартал сайын тамак
аш продуктуларына бааларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ан-
тимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашып тур-
сун.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Коргоо министрлигине жүктөлсүн.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242