2-берене. Коргоону уюштуруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 февраля 2014 года № 24
Коргоону уюштурууга төмөнкүлөр кирет:
1) согуш коркунучун жана согуш кооптуулугун болжолдоо, аныктоо жана баалоо;
2) коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
3) коргоо жаатында укуктук жөнгө салуу;
31) коргоону жана Куралдуу Күчтөрдү, башка аскердик түзүлүштөрдү колдонууну пландоо;
4) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү аскердик коопсуздукту жана коргоону камсыз кылууга даярдыкта өнүктүрүү, даярдоо жана кармап туруу;
5) коргонууну камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө мамлекеттин жана мамлекеттик органдардын экономикасынын мобилизациялык даярдыгы;
6) мамлекеттик органдарды жана өлкөнүн экономикасын согуш мезгилинин шарттарында иштөөгө өткөрүүнү уюштуруу жана мобилизацияны пландаштыруу;
7) калкты, аскердик үйрөтүлгөн резервдерди жана Кыргыз Республикасынын аймагын коргоого даярдоо;
8) мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагын жана аба мейкиндигин коргоо;
9) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү курал-жарак, аскердик техника, ок-дарылар, аскердик-техникалык, буюмдук мүлк, азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдар жана башка материалдык-техникалык каражаттар менен тынчтык жана согуш мезгилдеринде камсыз кылуу;
10) мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердин запастарын, мамлекеттик азайбас запастарды түзүү;
11) коргоо жаатындагы мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды сактоону камсыз кылуу;
12) аскердик илимди жана аскердик кадрларды даярдоо тутумун өнүктүрүү;
13) Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүлүштөрдү башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана өркүндөтүү, ошондой эле радиожыштык спектрин коргоо кызыкчылыктарында пайдаланууну пландоо;
14) аскердик иштерге байланыштуу айлана чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
15) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коргоо жаатындагы иштерин координациялоо;
16) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскер кызматынан бошонгон адамдарды социалдык коргоону камсыз кылуу;
17) жамааттык коопсуздук жана коргоо максатында эл аралык кызматташтык;
18) коргоо жаатындагы башка иш-чаралар.
(КР 2014-жылдын 3-февралындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-2" title="2-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>