1-берене. Коргоонун негиздери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-бөлүм
Коргоо улуттук коопсуздуктун элементи жана мамлекеттин эң маанилүү иш-милдеттеринин бири болуп саналат, мунун өзү куралдуу коргонууга даярдык боюнча саясий, экономикалык, аскердик, социалдык, укуктук жана башка чаралардын тутуму жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, коомун жана жарандарын куралдуу коргоону түшүндүрөт. Коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун негиз болуучу принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык уюштурулат жана ишке ашырылат. Куралдуу күрөштүн каражаттарын колдонуу менен коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү (мындан ары - Куралдуу Күчтөр), башка аскердик түзүлүштөр, аскердик-экономикалык камсыздоонун бирдиктүү тутуму түзүлөт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын аскердик милдеттери жана мамлекеттик органдардын, уюштуруу-укуктук формасына карабастан юридикалык жактардын, ошондой эле транспорттук каражаттардын ээлеринин аскердик-транспорттук милдеттери белгиленет. Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн куралдары, аскердик техникалары жана мүлктөрү мамлекеттик менчик болуп саналат жана аларда чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда болот.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-февралындагы № 80 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 25.02.2016 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 661 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү…Постановление · 06.12.2013 · № 661 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202668/st-1" title="1-берене - Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>