1-берене
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
"Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук ат- каруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 12-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пунктча менен
толукталсын: "13-1) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөөгө;".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-статья менен толукталсын:
"31-1-статья. Карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө
1. Карызкор тарабынан сот актысынын негизинде берилген же сот ак-
тысы болуп эсептелген аткаруу документинде камтылган талаптардын белги- ленген мөөнөтү аткарылбаса, соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Респуб- ликасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча токтом чыгарууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө
токтом улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
3. Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот
актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук ат- каруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөө тууралу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
4. Карызкор тарабынан аткаруу документинде камтылган талаптар ат-
карылганда, соттук аткаруучу 48 сааттын ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу тууралу токтом чыгарат. Мында токтомдун улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилиши талап кылын- байт. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана ыйгарым укуктуу органга жи- берилет.".
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202665/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы аткаруу ондурушу жонундо жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>