Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасындагы аткаруу ондурушу жонундо жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-20.
КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары 2009-жылдын 24-декабры № 314
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы аткаруу ондурушу жонундо жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизуу жонундо
2009-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук ат- каруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 12-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пунктча менен
толукталсын: "13-1) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөөгө;".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-статья менен толукталсын:
"31-1-статья. Карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө
1. Карызкор тарабынан сот актысынын негизинде берилген же сот ак-
тысы болуп эсептелген аткаруу документинде камтылган талаптардын белги- ленген мөөнөтү аткарылбаса, соттук аткаруучу карызкордун Кыргыз Респуб- ликасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө өндүрүп алуучунун арызы же өз демилгеси боюнча токтом чыгарууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөө жөнүндө
токтом улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилет. Көрсөтүлгөн токтомдун көчүрмөсү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
3. Эгерде аткаруу документи сот актысы болуп эсептелбесе жана сот
актысынын негизинде берилбеген болсо, анда өндүрүп алуучу же соттук ат- каруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү белгилөө тууралу арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
4. Карызкор тарабынан аткаруу документинде камтылган талаптар ат-
карылганда, соттук аткаруучу 48 сааттын ичинде Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн убактылуу чектөөнү жокко чыгаруу тууралу токтом чыгарат. Мында токтомдун улук соттук аткаруучу тарабынан бекитилиши талап кылын- байт. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана ыйгарым укуктуу органга жи- берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү…Закон · 20.01.2017 · № 6
- Кыргыз Республикасынын ЖК 2009-жылдын 12-ноябрындагы №1490-IV "Кыргыз Республикасындагы аткаруу ондурушу жонундо жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз…Постановление · 12.11.2009 · № 1490-IV
- Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуЗакон · 18.03.2002 · № 39 · Күчүн жоготкон