1-берене
Күчүн жоготкон · 15.10.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 10 августа 2018 года № 89.
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыр- гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 17-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тамгалоо төлөмү"; 1- жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тамгалоо төлөмү ички өндүрүштөгү, ошондой эле республикага сатып өткөрүү үчүн алынып келинүүчү кымбат баалуу металлдардан жана асыл таш- тардан жасалган зергер, тиричилик буюмдарына белги коюу, текшерүү жана эн салуу, тамгалоо эн издерин техникалык экспертизалоо, кымбат баалуу металл кошулган буюмдарды жана материалдарды экспертизалоо жана башка лабораториялык иштер үчүн алынат. Тамгалоо көзөмөлүн жүргүзүү тартиби, ошондой эле тамгалоо төлөмү- нүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2. 20-статьяда:
1-бөлүктөгү "Кыргыз Республика Финансы министрлиги менен макулда- шууга ылайык Кыргыз Республика Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республика Финансы министрлигине караштуу Кым- бат баалуу металлдар жана асыл таштар башкармасына өткөрүлүп берилет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилет" деген сөздөргө алмашты- рылсын.
3. 24-статья күчүн жоготту деп табылсын.
4. 25-статьяда:
2-бөлүктө "белгиленген" деген сөз "белгиленген элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдары- нын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюм- дар Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.".
Берененин тексти 15.10.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202661/st-1" title="1-берене - Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>