2-берене
Күчүндө · 30.03.2009 редакциясы
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-
лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкү-
дөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека - банктын же баш-
ка кредиттик уюмдун акчалай каражатын (кредитин) же болбосо башка юри-
дикалык же жеке жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен
кыймылсыз мүлктү сатып алууда келип чыгуучу күрөө. Мындай учурда акча-
лай каражат (кредит) берген банк же башка кредиттик уюм же болбосо кый-
мылсыз мүлктү сатып алууга максаттуу карыз берген башка юридикалык же
жеке жак күрөө кармоочу болуп саналат. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуу-
чу ипотеканы мамлекеттик каттоо, эгерде келишимде башкача каралбаса,
укуктары ипотека менен оордогон жактын менчик укуктарын мамлекеттик
каттоо менен бир эле учурда жүзөгө ашырылат.".
2. 4-статьянын 6-пункту "ипотекадан" деген сөздөн кийин ", анын
ичинде мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотекадан" деген сөздөр менен
толукталсын.
3. 18-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толук-
талсын:
"Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы мамлекеттик каттоо
айрым арыз бербестен жана каттоо жыйындарын төлөбөстөн жүзөгө ашыры-
лат.".
4. 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункту менен толукталсын:
"1-1. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека менен оордотулган
мүлккө карата күрөө берүүчүнүн менчик укуктарынын пайда болушуна негиз
болгон келишимди мамлекеттик каттоо кыймылсыз мүлккө карата Бирдиктүү
мамлекеттик реестрге мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканын пайда
болушунда жазуу киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Мыйзам күчүнөн улам
келип чыгуучу ипотеканын пайда болушуна негиз болгон келишим кредиттик
келишим жөнүндө же карыз алуу келишими жөнүндө маалыматты камтыган жо-
бону же кредиттик келишимдин же карыз келишиминин (аралаш келишим) жо-
болорун камтууга тийиш.".
Берененин тексти 30.03.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202648/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана озгортуулор киргизуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>