1-берене
Күчүндө · 30.03.2009 редакциясы
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
сегизинчи абзацы "кыймылсыз" деген сөздөн кийин "мүлккө карата
укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү)" деген сөздөр менен толук-
талсын; "анын жардамы менен" деген сөздөн кийин "мыйзамдын негизинде
пайда болуучу ипотека же" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Мыйзамдын негизиндеги кыймылсыз мүлк күрөөсү (мыйзам күчүнөн улам
келип чыгуучу ипотека) - кыймылсыз мүлктү банктын же башка кредиттик
уюмдун карызга алынган акчалай каражатын (кредитин) же болбосо башка
юридикалык же жеке жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу ме-
нен сатып алууда пайда болуучу күрөө. Мындай учурда акча каражатын
(кредит) берген банк же башка кредиттик уюм же болбосо кыймылсыз мүлктү
сатып алууга максаттуу карыз берген юридикалык же жеке жак күрөө кар-
моочу болуп саналат. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотекага, эгер-
де мыйзамда башкача белгиленбесе, ипотека жөнүндө келишимдин күчүнөн
улам пайда болуучу күрөө жөнүндө эрежелер колдонулат.".
2. 20-статьяда:
1-пункту "күрөө жөнүндөгү" деген сөздөрдөн кийин ", ипотека, ошон-
дой эле мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека" деген сөздөр менен
толукталсын;
2-пункту "күрөө жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", ипотека, ошондой
эле мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека" деген сөздөр менен то-
лукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы кыймылсыз мүлккө
карата укуктарды оордотуу катары мамлекеттик каттоо, эгерде келишимде
башкача белгиленбесе, мындай кыймылсыз мүлккө карата карыз алуучунун
менчик укуктарын мамлекеттик каттоо менен бир эле учурда жүргүзүлөт.".
3. 4-глава төмөнкүдөй мазмундагы 42-1-статья менен толукталсын:
"42-1-статья. Банктын же башка кредиттик уюмдун кредитинин же
башка жеке же юридикалык жактын максаттуу карызынын
эсебинен сатып алынуучу турак үйлөрдү жана
квартираларды ипотекалоо
Эгерде келишимде башкача каралбаса, банктын же башка кредиттик
уюмдун карыз акчалай каражатын, кредитин же болбосо башка жеке же юри-
дикалык жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен сатып
алынуучу же курулуп жаткан турак үй же квартира карыз алуучунун турак
үйгө же квартирага менчик укуктары мамлекеттик катталган учурдан тартып
ипотека менен оордотулган деп эсептелинет. Мында турак үйдү же кварти-
раны сатып алууга же курууга кредит же максаттуу карыз берген банк же
башка кредиттик уюм же болбосо юридикалык же жеке жак күрөө кармоочу
болуп саналат.".
4. 55-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлккө айлантуу, эгерде ушул
Мыйзамда башкасы каралбаса, күрөө келишиминде же мыйзам күчүнөн улам
ипотека белгилеген башка келишимде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Күрөө келишими же мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген башка келишим-
дин күрөө аркылуу камсыз кылынган милдеттенменин шарттарынын ортосунда
өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлк аркылуу канааттандыруу жолу менен
аткаруу жагынан айырмачылыктар чыкса, артыкчылык күрөө келишиминин же
мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека белгилеген башка келишимдин
шарттарында берилет.".
5. 56-статьянын 7-пунктчасы "күрөө жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин
"же күрөөнү белгилеген башка" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 60-статьянын 1-пунктунда:
1-пунктчанын экинчи абзацы "күрөө жөнүндө келишимдин же" деген
сөздөрдөн кийин "мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген башка келишим-
дин" деген сөздөр менен толукталсын; "күрөө жөнүндө келишимдин" деген
сөздөрдөн кийин "же мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген башка кели-
шимдин" деген сөздөр менен толукталсын.
2-пунктчасы "күрөө жөнүндө келишимде" деген сөздөрдөн кийин "же
мыйзам күчүнөн улам ипотека белгилеген башка келишимде" деген сөздөр
менен толукталсын.
Берененин тексти 30.03.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202648/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана озгортуулор киргизуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>