6-берене. Мектепке чейинки билим берүү программаларынын түрлөрү жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2021 года № 38
1. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- негизги программалар, мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартына ылайык алар мектепке чейинки тарбиялоону жана окутууну өзүнө камтыйт;
- баланы өстүрүүдө бир же бир нече багытты камтыган кошумча программалар, баланын Мектепке чейинки билим берүүнүн мамстандартынын милдеттүү талаптарынан тышкары өсүшүн камсыз кылат.
2. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- баланы аңдап билүү жана интеллектуалдык жактан өстүрүүнү;
- баланын эмоциялык бакыбаттуулугун;
- баланын текши өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара иштешүүнү;
- балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик адаттарга жана салттарга аралаштырууну;
- баланы социалдык жактан жатыктырууну;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар менен педагогикалык-түзөтүү жана медицина-психологиялык иш жүргүзүүнү;
- балдарды мектепке даярдоону.
3. Мектепке чейинки билим берүү программалары төмөндөгүлөрдү карайт:
- окутуунун атайын уюштурулган формасы катары өтүлүүчү сабактарды;
- тарбиялоону, баланы өстүрүүнү жана багууну;
- ойнотуу ишин;
- балдардын жеке жана биргелешип иштешин оптималдуу айкалыштырууну.
(КР 2021-жылдын 23-мартындагы № 38 Мыйзамына ылайык)
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августндагы № 601 "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.08.2012 · № 601
- КР Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 24-октябрындагы № 614 "“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.10.2014 · № 614 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-6" title="6-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>