Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 30-августу № 601 Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 токтомдун редакциясына ылайык) "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, башталгыч мектептерде балдарды окутуу үчүн бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында 480 сааттык программа боюнча мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоону ишке ашырсын.
- республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоону ишке ашырсын;
- (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо төмөнкү ченемдерге ылайык келиши керек:
- жылдык жүктөмдүн көлөмү - 480 саат;
- программанын узактыгы – 32 жума, жумасына 15 саат;
- топтордун толукталышы – 30га чейин адам.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык) 2-1. Ар бир мугалимге мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында мектепке даярдоо программасы боюнча даярдоочу топтордо жумасына 15 саат иштеген окутуучулук иши үчүн сабакка даярданууга 1,5 саат убакыт берилет. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоону ишке ашырган мугалимдердин эмгек акысын төлөө республиканын жалпы билим берүүчү мектептердин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине ылайык баштапка класстарда сабак берген мугалимдин бир сааттык окутуучулук иш үчүн саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмүнө жараша жүргүзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө билим берγγ, маданият жана спорт бѳлγмγнѳ жүктөлсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-августундагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды…Постановление · 21.08.2015 · № 598
- Постановление Правительства КР 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 216
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 275 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 15.05.2017 · № 275
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 216 токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 216
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 93 ""Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.02.2013 · № 93 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-августундагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды…Постановление · 21.08.2015 · № 598
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.