4-берене. Мектепке чейинки билим берүүнүн милдеттери
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Мектепке чейинки курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүүнүн жана өстүрүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мектепке чейинки билим алууга ар бир баланын укугун камсыз кылуу;
- баланын дене-күч, психикалык жана руханий ден соолугун сактоо;
- жарандуулукка, атуулдукка, мамлекеттик символдорго, мамлекеттик, расмий жана эне тилге урматтоо менен мамиле кылууга, ар кайсы маданиятка жана айлана-чөйрөгө сый мамиле жасоого тарбиялоо;
- баланын жаш курагына, интеллектуалдык жана дене-күч жактан мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык, анын чыгармачылык жөндөмүн өстүрүү;
- мектепке чейинки курактагы балдардын, дене-күч, социалдык, эмоциялык, психологиялык, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана эстетикалык өсүшүн кошкондо, шайкеш өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле эмгекке тарбиялоо;
- баланын социалдык жактан жатыгуусун камсыз кылуу жана анын билимин улантууга даярдыгын калыптандыруу;
- үй-бүлөнүн социалдык-педагогикалык патронатын жүзөгө ашыруу;
- баланын өсүүсүндө жеке муктаждыктарын эртелеп аныктоо, ага тиешелүү атайын же инклюзивдик билимди жана аны менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
- балдарды мектепке даярдоо;
- мектепке чейинки билим берүү уюмунда болгон учурунда баланын коопсуздугун камсыз кылуу;
- ата-энелерге (мыйзамдуу өкүлдөргө) консультациялык жардам жана балдарды окутуу жана багуу боюнча маалымат берүү.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-4" title="4-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>