3-берене. Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- туруктуу өнүгүү үчүн мектепке чейинки билим берүү системасы тарабынан кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана жогорку сапаты;
- балдарды тарбиялоонун, окутуунун, ден соолугун чыңдоонун, өстүрүүнүн жана аларды багуунун биримдиги;
- мектепке чейинки жана башталгыч жалпы билим берүүнүн жолун жолдоочулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
- ар бир баланын сезиминдеги көрөңгөнү, шык-жөндөмдү, табият берген зээнди ар тараптан өстүрүү үчүн шарттардын бирдейлиги;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана программаларынын көп түрдүүлүгү;
- туулгандан тартып мектепке киргенге чейин бала үчүн жоопкерчилик тартуучу мектепке чейинки курактагы балдардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ролун күчөтүү;
- окутуунун жана тарбиялоонун диний эмес мүнөзү;
- балдарды мектепке милдеттүү түрдө даярдоо.
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202646/st-3" title="3-берене - Мектепке чейинки билим беруу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>