9-берене. Декларацияланбаган салык, бажы милдеттенмелерине мунапыс берүүнүн тартиби
Күчүн жоготкон · 24.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2017 года № 88.
1. Ушул Мыйзам күчүнө киргенде, 2008-жылдын 31-декабрына чейин пайда болгон жана жоюлбаган бардык салык жана бажы милдеттенмелери, легалдаштыруу субъекттеринин айыптары, пайыздары, туумдары, эгерде алар мүлктү легалдаштыруу күнүнө чейин пайда болсо жоюлган болуп эсептелет жана ушул мүлктү легалдаштыруунун натыйжасы болуп саналат. Ушул мүлккө карата эч кандай кылмыш-жаза, администрациялык же башка териштирүүлөр демилгеленбөөсү керек.
2. Ушул берене 2008-жылдын 31-декабрына чейин салык жана бажы милдеттенмелерин декларациялабаган же жоюшпаган салык төлөөчүлөргө карата, ошондой эле салык салуу максатында агенттик иш милдеттерди аткаруучу жактарга карата колдонулат.
3. Ушул берене декларацияланган, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан текшерилген жана эсепке алынган, бирок жоюлбаган салык жана бажы милдеттенмелерине карата колдонулбайт.
4. Мамлекеттик бюджетке ашыкча төлөнгөн салык суммалары бар легалдаштыруу субъекттери кайтарып алуу укугун жоготушат, бирок ушул ашыкча төлөмдөр пайыздар, туумдар жана салык санкциялар боюнча карыздарды жоюунун эсебине эсептелиши мүмкүн.
5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталгандай көзөмөлдөөчү органдарга (салык жана бажы органдарын кошуп алганда), ошондой эле укук коргоочу органдарга ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган төлөмдөргө карата текшерүүнүн кандай болбосун түрлөрүн (көзөмөлдөө, маалыматтарды сурап алуу, инспекциялоо) жүргүзүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 24.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202618/st-9" title="9-берене - Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>