8-берене. Мүлктү легалдаштыруу процессинин башка катышуучуларынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 24.05.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2017 года № 88.
1. Легалдаштыруу субъекттеринен тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы бар каржы мекемелери (мындан ары - каржы мекемелери) мүлктү легалдаштыруунун катышуучулары болуп саналышат. Каржы мекемелери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мүлктү легалдаштыруу процессинде өз иштерин жана ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырышат.
2. Салык органдары, бажы органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө менчик укугун каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлгө алуу жана жөнгө салуу кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы, укук коргоо органдары, башка мекемелер жана уюмдар легалдаштыруу процессине кыйыр тийешеси бар жактар катары таанылышат. Көрсөтүлгөн бийлик органдарынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызмат адамдарынын иш аракеттери ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келбөөсү же анын чегинен чыкпоосу керек.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналган органдар мүлктү легалдаштырууда легалдаштыруу субъекттерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 24.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202618/st-8" title="8-берене - Мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>