Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2009-жылдын 10-январы № 5
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жыл, 22-октябрь, № 78-81) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен то-
лукталсын: "8) айыл чарба продукциясын (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү та- мак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын, 3 жылдык мөөнөткө. Ишканалардын тизмеси жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2. 239-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ата мекендик айыл чарба сырьесун кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын товарларын, жумуштарын жана кыз- мат көрсөтүүлөрүн (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануу- дан тышкары) берүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Тизме бо- юнча 3 жылдык мөөнөткө КНС төлөөдөн бошотулган берүүлөр болуп эсепте- лет.".
3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 255-1-берене менен толукталсын:
"255-1-берене. Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүүлөр
Ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын ишканаларында өндүрүлүүчү айыл чарба техникасын берүүлөр КНС төлөөдөн бошотулган бе- рүүлөр болуп эсептелет."
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла- йык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Бул Мыйзамдын 1-беренесинин 1 жана 2-пункттары ишканалардын тизме- си жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери, ошондой эле товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген күндөн тартып 3 жыл бою колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-апрелиндеги №222 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна…Постановление · 07.04.2009 · № 222 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон